Израилдин соккусунан Ливанда 14 киши мерт болду

Израил-Ливан чек арасына жакын жерде аба чабуулунан кийинки көрүнүш. 26-апрель, 2026-жыл.

Ливандын бийликтери жекшембиде Израилдин аба соккуларынан 14 киши каза болуп, дагы 37 адам жараат алганын кабарлашты. Анын алдында Израил Ливандын жети калаасынын жашоочуларын "буфердик зонадан" чыгып кетүүгө үндөп, эскертүү тараткан.

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлгөндөр арасында эки жаш бала, эки аял бар экенин, Израил өзү тараптан бир аскер мерт болгонун билдиришти.

Израил армиясы "ок атуууну токтотуу келишиминин шарттарын бузду" деп Батышта террорчул уюм деп таанылган ХАМАСты айыптап, жети калаанын тургундарын түндүк жана батыш тарапка көчүп кетүүгө үндөгөн.

ХАМАСтын аскерлери негизинен Израил аскердик операция жүргүзүп жаткан Ливандын түштүк тарабында жайгашкан.

Дагы караңыз

Ирандын тышкы иштер министри Орусияга бардыКыргызстан быйыл коңшу өлкөлөрдөн 4 млрд кВт саат электр энергиясын сатып алат