Көп аялдуулук боюнча кол топтогон Чотонов милицияга чакырылды

Социалдык тармактардан алынган сүрөт.

Көп аялдуулукту кылмыш жоопкерчилигинен алуу демилгеси менен кол топтогон Өзбек Чотонов милицияга чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 27-апрелде кабарлады.

“Текшерүүнүн алкагында аталган акцияга катышкан бардык жарандар, анын ичинде диний ишмер Өзүбек ажы Чотонов түшүндүрүү маегине чакырылды. Мындан тышкары, милиция кызматкерлери жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көп аялдуулук кылмыш жоопкерчилигине алып келерин түшүндүрүштү”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Социалдык тармактарда Өзүбек Чотоновдун көп аялдуулуктун жазасын жеңилдетүү боюнча кол топтоп жатканын билдирген видеосу тарап, социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштаган.

Кыргызстанда “Үй-бүлө жөнүндө кодекс” бир гана расмий никеге уруксат берет. Мыйзамга ылайык, эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат. Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин деп аныкталган.

Коомчулукта көп аялдуулук темасы ачык талкууланып же иликтене элек. Ошондон улам маселени ачык көрсөткөн статистика жок.

2025-жылы сентябрда президент Садыр Жапаров көп аялдуулук үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин жоюу жөнүндөгү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке кайтарган. Документтин авторлору Нурланбек Азыгалиев менен Медербек Саккараев экени жана парламент аны 25-июнда эч талкуусуз кабыл алганы белгилүү болгон.

Долбоордо "эки же андан көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин караган Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесин күчүн жоготту" деп таануу тууралуу жазылган.

Президенттин аппараты көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин сактап калуу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине ылайык келерин белгилеген. Ошондой эле бул мыйзам аялдарды жана балдарды укуктук жана социалдык теңсиздиктен коргой турганы жазылган.

Мыйзам долбооруна акыйкатчы, Башкы прокуратура, президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик, Улуттук илимдер академиясы, Юстиция министрлиги жана Конституциялык соттун аппараты каршы пикирин билдиришкен. (TSh)

Дагы караңыз

Кылычбек Cултан Пакистандагы элчи кызматынан кеттиАнтимонополия билет баасы боюнча авиакомпанияларга эскертүү бердиФинляндия согушту айыптаган орусиялык эне-баланы өлкөдөн чыгарууну убактылуу токтоттуТрамп катышкан иш-чарада ок чыгарган адамга "президенттин өмүрүнө кол салуу" айыбы тагылды