Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп катышкан иш-чарага кирүүгө аракет кылып ок чыгарган адамга мамлекет башчыны өлтүрүүгө аракет кылган жана ок атуучу куралды мыйзамсыз сактаган деген айып тагылганын Reuters маалымдады.
Окуя 25-апрелде Ак үйдүн кабарчылар ассоциациясынын Трамп катышкан жылдык кечки тамагы учурунда болгон. Кол салууга аракет кылган деп Калифорния штатынын Торранс шаарынын тургуну, 31 жаштагы Коул Томас Аллен шектелүүдө. Ал иш-чара өтүп жаткан мейманкананын ичинде текшерип өткөрүүчү жердеги коопсуздук кызматкерин аткан (кызматкер зоот кийими болгону үчүн жеңил жаракат алган), андан кийин кармалган.
Трамп жарыялаган видеотасмада шектүү коридор менен чуркап баратканы көрүнөт.
2024-жылы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда да Трампка эки жолу кол салуу болгон, биринде ал жеңил жаракат алган.
Мылтыктан тышкары тапанча жана бир нече бычак менен куралданган Аллен да атышуудан кийин жергиликтүү ооруканага текшерүүдөн өткөрүү үчүн жеткирилген.
Reuters жазгандай, Аллен азырынча айыптоолорго жооп бере элек. Мурдараак ал бардык суроолорго ачык жооп берерин, өзү компьютер оюндарын ойлоп табуучу программист экенин билдирген.
Судья Мэтью Шарбо Алленди иш каралып жаткан кезде камакта калтырууну чечти. Анын андан аркы бөгөт чарасын кароо бейшембиге дайындалды.
Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Тодд Бланш жекшембиде кол салуунун максаты тастыкталбаганын билдирген, бирок Аллен президент Трампка жана администрациянын башка кызматкерлерине кол салууну көздөгөнүн айткан.
Буга чейин Аллен үй-бүлөсүнө өзүн "Достуктагы федералдык өлтүргүч" деп атаган манифест калтырган. Ал Трамптын администрациясындагы кечки иш-чарага катышуучу жогорку кызматкерлерге кол салууну талкуулаганы, анын бутасына алынгандардын арасында президент да болгону болжолдонууда.