Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек-Ош-Бишкек ички багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган авиакомпанияларга эскертүү берилгенин билдирди.
Мекеме адамдардын кайрылуулары, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматтар менен социалдык тармактардагы талкуулардын негизинде мониторинг жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
Анын жыйынтыгында Бишкек-Ош-Бишкек багытында авиабилеттердин баасы кескин кымбаттаганы аныкталган. Айрым авиакомпанияларда бир тарапка 8 820 сомго чейин жетсе, кээ бирлери 6 000 сом деп койгон. Буга байланыштуу AVIA TRAFFIC COMPANY, TEZJET, “АЭРО НОМАД ЭЙРЛАЙНС”, Sky FRU жана “Асман эйрлайнс” компанияларына эскертүү берилди.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын эсебинде Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча бир тарапка билеттин баасы болжол менен 6 000 сом. Ички каттамдарда билеттин баасы кымбат болуп жатканы жакында эле Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.
Буга чейин президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 2026-жылдан тартып көпчүлүк аймактарга ички аба каттамдардын билет баасы арзан жана туруктуу болорун жарыялаган. Ал бул президенттин жеке колдоосу менен өлкөнүн Турукташтыруу фондунун дотацияларынын алкагында ишке ашарын билдирген. (BTo)