Мамлекеттик Чек ара кызматы Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы убактылуу жабыларын эскертти. Мекеменин басма сөз кызматы 28-апрелде маалымдагандай, чек ара жабылышы кытай тараптын демилгеси менен ишке ашууда.
Кытайда "Эмгек майрамын" майрамдоого байланыштуу 30-апрелде саат 22:00дон тартып "Эркечтам", "Торугарт" чек ара бекеттери жабылат. 2-майда, саат 8:00дөн тартып ишин жандантат.
Ал эми "Бедел" өткөрүү пункту 1-майдан 5-майга чейин жабык болуп, 6-майда саат 8:00дө ачылат. Бул аралыкта өткөрмө бекеттен адамдар да, транспорт жана жүк ташуучу унаа да өткөрүлбөйт.
Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргызстан–Кытай чек арасынан өтүүчү жарандарды багытын алдын ала пландоого чакырды.
Кыргыз–кытай чек арасы Кытайдагы майрамдарга байланыштуу жылына бир нече ирет убактылуу жабылып келет. (ZKo)