Украинанын Запорожье, Сумы, Чернигов облустарына сокку урулду

Чернигов 27-апрелде да соккуга туш болгон.

Орус аскерлери шейшембиге караган түнү Украинага 123 дрон менен чабуул койду, 95и атып түшүрүлдү. Бул тууралуу украин куралдуу күчтөрү билдирди.

Запорожье облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Иван Федоровдун маалыматына караганда, соккулардан эки киши жарадар болду, экөө тең орточо оор абалда ооруканада жатат.

Чукул кырдаал боюнча мамлекеттик кызмат орус аскерлери Сумы облусундагы жарандык инфраструктурага сокку урганын кабарлады. Натыйжада бала бакча менен бир нече турак жай зыян тартты, төрт киши дарыгерлерге кайрылды.

Чернигов аймагында айыл чарба ишканасы чабуулга кабылды. Өрт буудай кампаларын чалды. Дагы бир райондо жер тамдар менен чарбалык курулуштар өрттөнгөнү маалымдалды.

Орус армиясы кошуна өлкөсүнүн жарандык инфраструктурасын бутага алганын танып келет.

Дагы караңыз

Баткендеги жубайлардын өлүмү: Беш баланын тагдыры эмне болот? Сүлүктүдө көмүр кенинде шахта урап, бир киши набыт болдуБишкек Европа Биримдигинин санкциясын сынга алды