Казакстандын Актөбө облусунда дагы бир дрондун сыныгы табылды

Былтыр февралда Батыш Казакстан облусунда табылган белгисиз учуучу жабдык.

Казакстандын Актөбө облусунда учкучсуз учак кулады. Полициянын жергиликтүү башкармалыгы тараткан маалыматка караганда, жабдыктын сыныктары Алимбет айылынын сыртында табылды.

Тартип коргоочулар окуяны териштирип жатышат.

Дрондун сыныктары жерге түшүп жатат делген видеону Mash Телеграм каналы жарыялады.

Каргалы районундагы Алимбет айылы Орусиянын Орск шаарына 24 чакырым жакын жерде жайгашкан. Шаршембиде ал жер укрианалык учкучсуз учактардын чабуулуна туш болгону кабарланган.

Шаардын башчысы Артем Воробьёв бул маалыматты бышыктап, элди көчөгө чыкпоого жана терезелерден оолак болууга чакырган. Орск аэропортунун иши убактылуу чектелди.

Казакстанда буга чейин да дрондордун сыныктары табылган учурлар болгон. Былтыр Батыш Казакстан облусуна бери дегенде беш учкучсуз учактын калдыктары кулаган.

Облустун чек арага жакын райондорунда ракетанын калдыктарын бир нече жолу табышкан. Орусиянын коңшулаш Астрахан аймагында Капустин Яр деген аскердик полигон орун алган. 2018-жылы Казакстандын батышында табылган жабдыктардын бири ракетанын сыныгы болуп чыккан.

Дагы караңыз

АКШ Ирандын мунайын иштеткен Кытайдагы заводдорго эскертүү бердиКыргызстан менен Тогонун ортосунда бир катар документтерге кол коюлдуШвейцария соту Гүлнара Каримова боюнча ишти кароону токтотту