Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:46

Кыргызстан менен Тогонун ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Фор Эссозимна Гнассингбе жана Садыр Жапаров. 29-апрель, 2026-жыл. Бишкек.
Фор Эссозимна Гнассингбе жана Садыр Жапаров. 29-апрель, 2026-жыл. Бишкек.

Тогонун Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбенин Кыргызстанга болгон расмий сапарында сегиз документке кол коюлду.

Кыргызстан менен Тогонун ортосундагы дипломаттык, расмий жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндөгү макулдашуу, инвестиция, маданият жаатынды кызматташуу, эки өлкөнүн Саламаттык сактоо министрликтеринин кызматташтыгы боюнча макулдашуу бар.

Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргызстанга 28-апрелде расмий сапар менен келген. 29-апрелде ал президент Садыр Жапаров менен жолугушту. Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасап, Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгонун жана бул демилгени Того колдой турганын айтты.

Того Батыш Африкада жайгашкан чакан өлкө жана калкынын саны 9 миллиондон ашат.

Кыргызстандын аталган өлкө менен дипломатиялык алакасы 1997-жылы 30-сентябрда түзүлгөн. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG