Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:00

Орусиянын Туапсе аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды

Туапсе.
Туапсе.

Орусиянын Туапсе аймагында 28-апрелде өзгөчө кырдаал жарыяланды. Буга дрон чабуулунан кийин мунай иштетүүчү заводдо чыккан өрт себеп болду.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Туапседе жолго мунай төгүлгөнүн билдирди, бирок кайсы жер экенин тактаган жок. Astra Telegram каналы да көчөдө айрым жерлерде мунай азыгы күйүп жатканын, анын баары резервуарларында мазут сакталуучу Туапсе мунай иштетүүчү заводунан агып чыккан болушу мүмкүн экенин жазды. Дал ошол көчөлөрдөн кечээ тургундар эвакуация болгон.

Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев Туапсе заводундагы өрттү 164 адам өчүрүп жатканын, 46 техника тартылганын билдирип, куткаруучу топ 29-апрелде 300 адамга көбөйтүлөрүн кошумчалады.

Ал эми Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренков Туапседе көрүлүп жаткан чаралар "азырынча жетиштүү болбошу мүмкүн" деп билдирди. Ал "мунай төгүлгөн жок, баары токтотулду" деп айтты.

28-апрелдин түнүндө Туапседеги заводго дрон калдыктары кулап, өрт чыккан, мунай сакталуучу төрт ири резервуар жабыркаганы, шаардын 30дан ашык көчөсүндө суу өчүрүлгөнү маалымдалган.

Ушуну менен Туапседеги мунай иштетүүчү заводго үчүнчү жолу чабуул коюлду.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат. (RK)


Шерине

XS
SM
MD
LG