Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:46

Швейцария соту Гүлнара Каримова боюнча ишти кароону токтотту

Гүлнара Каримова. 2012-жыл. Бээжинде өткөн Кытай мода жумалыгы.
Гүлнара Каримова. 2012-жыл. Бээжинде өткөн Кытай мода жумалыгы.

Швейцарияда федералдык кылмыш трибуналы Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримовага каршы козголгон кылмыш ишин жабуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 28-апрелде Швейцариянын улуттук телеканалынын эфиринде айтылды.

Каримовага арам акчаны адалдоо аракети, кыянаттык менен башкаруу, жемкорлук жана кылмыштуу топту башкаруу тууралуу айыптар тагылган.

Судья ишти кароо мөөнөтү өтүп кеткенин, Каримова өзү сотко катыша албай турганын жүйө келтирди.

2014-жылдан бери мекенинде камакта отурган Каримовага каршы иш Швейцарияда 2012-жылы козголгон. Бул өлкөнүн прокуратурасы ал жетектеген топ Өзбекстанда иштегиси келген эл аралык телекоммуникациялык компаниялардан пара тарап кылганын жүйө келтирген. Иш 2023-жылы тергелип бүтүп, сотко өткөрүлүп берилген.

Гүлнара Каримовага мекенинде да каржылык мыйзам бузууларга жана жемкорлукка байланыштуу иш козголуп, 2015-жылы ал 10 жылга соттолгон. 2020-жылы Ташкент шаардык соту аны 13 жылга эркинен ажыраткан.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын эсебине караганда, Каримова "мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыгына" келтирген зыяндын жалпы суммасы 2 миллиард долларга чукул.


Шерине

XS
SM
MD
LG