Тажикстанда үч күн ичинде аскерде кызмат өтөп жаткан кеминде эки жоокердин өлүмү катталганын "Азаттыктын" тажик кызматы жазды. Алардын жакындары аскердеги шарттын начардыгы, медициналык жардамдын жетишсиздиги тууралуу айтып жатышат.
25-апрелде аскердик госпиталда Өзгөчө кырдаалдар комитетинде кызмат өтөп жаткан 23 жаштагы Галибон Иброхимов көз жумду. Маркумдун жакындарынын айтымында, ал сөөк жутуп алып, абалы начарлап кеткен, тийиштүү медициналык жардам ала албай, үйүнө чалып, дарыланууга бир нече жолу акча сураган.
Андан мурдараак Коргоо министрлигинин инженердик батальонунда кызмат өтөп жаткан 23 жаштагы Шахбоз Жонмахмадзода дарыяга секирип, каза тапканы маалымдалган. 28-апрелде, он күндүк өргүүдөн кийин ал аскердик бөлүгүнө кайтмак, бирок көпүрөдөн боюн таштап, күбөлөрдүн айтымында, 500-600 метрден кийин суу алдында көрүнбөй калган. Ал да аскердеги шартка, медициналык тейлөөгө нааразы экенин, бөйрөгү ооруй турганын айтып жүргөн.
Апрель айынын ортосунда Тажикстанда 25 жаштагы аскер кызматкери Исрофил Азимзода "төртүнчү кабаттан кулап" көз жумганы кабарланган. Ал аскерге 30-мартта эле чакырылган. Апасы жана жубайы Азимзода катуу сабалганын айтып жатышат.
Тажикстандын акыйкатчысынын маалыматына караганда, 2025-жылы аскердеги мыйзам бузуулар тууралуу 123 факт катталган, алардын 66сы зомбулукка байланыштуу болгон.
Шерине