Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов региондун сыртындагы мамлекеттердин Борбор Азияга аскерлерин жайгаштыруу аракеттерин жана ал жакта логистикалык максаттарын чечүүнү кабыл алынгыс деп атады.
Бул тууралуу министр 28-апрелде Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өтүп жаткан жыйынында билдирди.
Бир нече күн мурун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев коргоо министри Баходир Холмухамедовдун Түркия менен кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу докладын уккан. Ал жыйынга Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн жогорку өкүлү катышкан.
Өзбек президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, аймактык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү бекемдөө максатында эки өлкөнүн коргонуу мекемелеринин байланыштарын өөрчүтүүгө басым жасалды.
«Аскердик-техникалык алакалардын динамикасын, министрликтер аралык кызматташтыкты, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана аскер адистерин даярдоону өзгөчө белгилөө зарыл. Тараптар аскердик чөйрөдөгү өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө макулдашты», - деп билдирди өзбек президентинин маалымат кызматы.