Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:44

Ошто ыдыкка кабылган милициянын иши боюнча 8 кызматкер тартиптик жазага тартылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Күзөт кызматынын Ош шаарынын күзөт бөлүмүнүн кызматкери, милициянын старшинасынын (М.Б.) арызы боюнча Ички иштер министрлиги (ИИМ) да комментарий берди.

Ал кесиптештери ага психологиялык, моралдык басым кылганын айткандан кийин ИИМде атайын жумушчу тобу түзүлүп, кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында Ош шаарынын Чыгыш күзөт бөлүмүнүн башчысы жана 7 кызматкер ар кандай тартиптик жазаларга тартылды.

Мунун алдында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева ага милициянын старшинасы (М.Б.) кесиптештери ыдык көрсөтүп жатканын айтып, арызданганын билдирген. Аял кызматкер жогору кызматта турган кесиптештери ага адепсиз сөздөрдү айтып, жогорку окуу жайда күзөт кылгандар аны башка адамдар менен тааныштырууга аракет кылып, адепсиз видеолорду катуу үн менен коюп көргөн окуялар болгонун билдирген.

Ал бул боюнча арыз жазгандан кийин жетекчилиги басым кылууну күчөткөнүн айткан.

ИИМ акыркы жылдары Кыргызстанда коомдук жайларда ыдык көрсөтүүгө байланышкан даттануулар жана кайрылуулар көбөйгөнүн кабарлаган. Өлкөдө буга чейин коомдук жайларда, жумушта аялдарга сексуалдык ыдык көрсөткөн окуялар боюнча арыз-даттануулар болгон. Айрым кызматкерлер кармалган да учурлар бар.

2025-жылы Акыйкатчы институтуна ыдыкка кабылганына даттангандардан эки арыз түшкөн. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG