Башкы прокуратура 2025-жылы ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча 233 текшерүү жүргүзүлүп, 577 мыйзам бузуу аныкталганын билдирди. Анын жыйынтыгында ишкерлердин укуктарын калыбына келтирүү үчүн 349 прокурордук акт түзүлүп, 247 кызмат адамы жоопкерчиликке тартылган.
Бул тууралуу Баткен облусунда ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңештин кезектеги отурумунда айтылды.
Башкы көзөмөл органы ишкерлердин укугун бузгандарга карата кандай чара колдонулганын тактаган жок.
Башкы прокуратура буга чейин 2026-жылдын аягына чейин ишкерлерди пландан тышкары салыктык текшерүүлөргө тыюу салынганын билдирип, бизнеске кысым көрсөткөндөр жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.
Президент Садыр Жапаров 18-февралда укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүн ишкерлерге басым-кысым кылбоого чакырып, ошол эле учурда бизнесмендерди да салыктарын жаап-жашырбай таза иштөөгө үндөгөн.
Кыргызстанда айрым бизнесмендер соңку жылдары укук коргоо органдарынын ар кандай текшерүүлөрүнөн жапа чегип жатканын айтып келишет. (BTo)