Берлинде Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген шек менен казак жараны кармалды. Бул тууралуу шаршембиде Германиянын Федералдык прокуратурасы билдирди. Маалыматка караганда, Сергей К. аттуу киши “кеминде былтыркы майдан тарта орусиялык атайын кызматтардын бири менен такай байланышып турган”.
Шектүүнү камакка алуу ордеринде ал түрдүү маалыматты берип турганы айтылат.
“Алардын арасында Германиянын Украинага берген аскердик жардамы, немис коргоо жана аскер өнөр жайы, өзгөчө дрон менен робот чыгарган ишканалар тууралуу маалымат бар. Сергей К. ошондой эле Берлиндеги коомдук имараттардын же кан жолдордогу аскердик техниканын, анын ичинде НАТОго мүчө бир мамлекеттин техникасынын кербенинин сүрөттөрүн берип турчу. Мындан тышкары атайын кызматтагы адамга Германияда диверсия кылууга ыңгайлуу жайлар тууралуу маалыматты өткөрүп берип, тыңчылык жана диверсия үчүн кишилерди табууну сунуш кылган”, - деп айтылат документте.
Der Spiegel басылмасы коопсуздук кызматындагы булактарга шилтеме менен жазгандай, казак жараны диверсия кылуунун буталары үстүнөн иштеген деген белгилер жок. “Ал көбүнесе идеялар менен бөлүшүп турчу. Ал өткөрүп берген маалыматтардын көбү ачык булактарга жарыяланган”, - деп жазды басылма.
Шектүүнүн батиринде тинтүү жүргөнү кабарланды.
Коопсуздук кызматындагы дагы бир булактар Сергей К. буга чейин Украинанын Донецк облусунда Орусиянын тарабында согушкан болушу мүмкүн деп билдиришти.
29-апрелде Федералдык сот палатасы анын баш коргоо чарасын аныктамакчы.
Шерине