Орус аскерлери чегинер алдында, 25-апрелде жихадчы согушкерлер жана туарег жикчилдери башкалаа Бамако жана башка жерлерге чабуул койгон. Малинин өкмөтү аны мамлекеттик төңкөрүш аракети деп сыпаттаган.
Мындан 30 ай мурун орусиялык жалданма согушкерлер ал өлкөнүн өкмөттүк армиясынын катарында күрөшүп, туарег козголоңчуларынын таянычы болгон Кидал шаарында өз туусун сайып жаткан сүрөттөрүн байма-бай жарыялашкан.
Кидал шаарынан чегингени «Африка корпусу» Малиден толугу менен чыгарылат дегенди билдиреби? Орусиялык аскердик аткаминерлер андай эмес деп айтышат.
Ал эми эксперттер Орусиянын операциясы башаламандыкка батканы айдан ачык деп санашат.
Орусиялыктар ал өлкөдөгү коопсуздук абалын жакшыртуу үчүн жайгаштырылган. Өз максатына жакындаганын айтып келгени менен эми ушинтип шылдың болуп качууга аргасыз.
«Африка корпусу» көп нерсе жасап жатат деп коюп, акыр-аягында ийгиликке жете алган жок», - деп айтты германиялык Конрад Аденауэр атындагы борбордун Малидеги аналитиги Ульф Лессинг.
Вашингтондук The Sentry изилдөө уюмунун аткаруучу директору Жюстин Гудзовсканын пикиринде: «Орусиянын Африкадагы бул долбоору кармаш талаасында мынчалык соккуга туш болгон эмес. Бул абдан чоң саясий жана репутациялык сокку болуп калды».
«Африка корпусу» жасаган билдирүүдө Малидеги абал татаал деп айтылат.
Дагы караңыз
Орусия жаңы түйүн аркылуу согушка ыктыярчыларды жалдап жататВагнердин мураскери
“Африка корпусу” "Вагнер" менчик аскердик компаниясы таркатылгандан кийин Орусиянын Коргоо министрлиги тарабынан түптөлгөн. Негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин жетекчилигинде "ЧВК Вагнер" Африканын, Жакынкы Чыгыштын ондогон өлкөлөрүнө тараган. Алар кирешелүү коммерциялык долбоорлорго айланып, катаал аскердик ыкмалары менен таанылган.
Борбордук Африка жумуриятында вагнерчилер жана алар менен байланыштагы бөлүктөр алмаз, алтын жана башка баалуу минералдарды казуу менен алектенчү. Жергиликтүү бийликтин жактыруусу менен аскерлерин элдин үшүн алуу үчүн колдонуп келген.
"Вагнер" Орусиянын президент Башар Асадды колдоо максатында Сириядагы операциясында негизги ролду ойногон. Украинада топтун согушкерлери Бахмут шаарын алуу кармаштарына армия менен жанаша катышкан.
2023-жылдын жайында Пригожин бараткан учак жарылгандан кийин анын компаниясы таркатылып, айрым бөлүктөрү башка түзүмдөргө кошулган. Коргоо министрлиги вагнерчилердин Африкадагы вазийпасын өзүнө алган.
Дагы караңыз
"Орус аскерлеринин көбү согуштан чарчады". Мурдагы "вагнерчинин" баяныАфрикага карай
"Вагнердин" отряддарын Малиге 2021-жылы бийликти басып алган аскердик хунта чакырган. Ал маалда “Ал-Каида” менен байланыштагы исламчыл экстремисттер баш көтөрүп жаткан. Мурдагы колониясында 10 чакты жыл жайгашып келген франциялык аскерлер өлкөдөн 2022-жылы чыгарлыган. БУУнун бейпилдик күчтөрү да Малиден кеткен.
Өлкөнүн өкмөтү орусиялык контингентти машыктыруу бөлүгү деп атаган.
2023-жылы ноябрда вагнерчилер өкмөттүк күчтөргө эзелтен этностук туарегдердин жери деп эсептелген Кидал шаарын алууга көмөткөшкөн. Сыягы ошол окуя орусиялык жалданмачылардын эң ири жетишкендиги болуп калды.
Сегиз айдан кийин чек ара аймагындагы Тинзауатен калаасында туарег козголоңчулары ондогон өкмөттүк аскерлер менен орусиялык жоочуларды өлтүрүп кетишкен. Орусиянын аскердик блогерлери ошондо кеминде 20 вагнерчи каза тапканын жазган.
Былтыр жыл башында "Вагнердин" аталышы “Африка корпусу” деп өзгөртүлгөндөн кийин орусиялык оор машиналар, танктар, бронетехникадан турган үч ири кербен Бамакого бет алганы кабарланган.
“Курал-жарактын жаңы партиясы "Вагнердин" тобу чыгарылып жана утулуштарга карабай, орус бийлиги Малиге басымды күчөтүп жатканын каңкуулаган”, - деп айтылат The Sentry басылмасы апрелде жарыялаган отчетунда.
Дагы караңыз
Жалдануу ишине айыпталган Васильев ким?25-апрелде Кидал, Бамако жана башка жерлерге координацияланган чабуулдар тууралуу алдын ала эскертүү берилгенби же жокпу белгисиз. Бирок Малинин күчтөрү менен “Африка корпусу” ал чабуулдун масштабын көз жаздымда калтыргандай.
Жоочулар жарыялаган видеолордо ташталган танктарды жана башка техниканы, учкучсуз учактарды башкарган станция өңдүү жабдууну көрүүгө болот.
Айрым талдоочулар калтырылып кеткен техниканын көлөмү шашылыш чегинүүдөн кабар берерин айтышат. Маалыматтарга караганда, орусиялык тик учак атып түшүрүлүп, экипажы набыт болгон.
“Африка корпусунун” айтымында, өз күчтөрүн Кидал шаарынан чыгаруу чечими бийлик менен чогуу кабыл алынды, жарадар болгон аскерлер эвакуацияланды. Корпус ошондой эле 10-12 миң кишиден турган топ чабуул койгонун, арасында “украиналык жана европалык жалданма согушкерлер болгонун” билдирди.
Мындай ырастоону текшерүү мүмкүн эмес.
Талдоочу Гудзовсканын айтымында, Мали “Африка корпусу” үчүн Африканын батышындагы Буркина-Фасо жана Нигер сыяктуу өлкөлөрдөгү операцияларга үлгү катары көрсөтүлүп, БУУнун жана Франциянын контингенттерин чыгаруу туура чечим болгон деп белгиленип келген.
“Бирок Кидалды калтырып кетүү ошол ойду жокко чыгарды”, - деп кошумчалады ал “Азаттыкка” берген комментарийде.
Орус Коргоо министрлиги өз билдирүүсүндө жалданма аскерлер “каршы тарапка катуу сокку уруп, мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу планынан баш тарттырды, мыйзамдуу өкмөттү сактап калды, катардагы жарандар арасында жоготууларды алдын алууга көмөктөштү” деп белгиледи.
Дагы караңыз
Малиде коргоо министри өлтүрүлдү, орус аскерлери Кидалдан чыгып кеттиМинистрлик “Африка корпусу” Малиден толугу менен чыгарылбайт деп кошумчалады.
Лессинг "кол салгандар орусиялыктар туруштук бербейт деп ойлосо керек, себеби алар жалданып согушат, бул үчүн акча төлөшөт, бирок Мали үчүн жанын берип күрөшпөйт" деп болжолдойт.
"Бул стратегиялык утулуш болуп калды. Орусия “Африка корпусун” коопсуздукту камсыздаган күч, ишенимдүү өнөктөш деп көрсөтүп келчү. Бирок Сирияда Ассадды калтырып кетишти, эми болсо Малидеги режимди сактап калыш үчүн эч нерсе кылышкан жок”, - деди ал.