Орусияда Starlink терминалдарын импорттоого тыюу салынды

Орусияда чет өлкөдөн спутник байланыш каражаттарын алып кирүүгө жарым жылга тыюу салынды. 29-апрелде премьер-министр Михаил Мишустин кол койгон токтомго ылайык, тыюу салынган каражаттардын катарында Starlink терминалдары да бар.

Токтомдо мындай чара "Орусиянын улуттук коопсуздугун коргоого" багытталганы белгиленди.

Тыюу салуу тууралуу токтом иштей баштагандан кийин алты ай бою күчүндө болот.

Starlink Орусияда иштебейт деп расмий айтылганы менен орус армиясы анын терминалдарын Украинага каршы дрон учуруу үчүн колдонгон. Бул каражаттар Орусияга үчүнчү өлкөлөр аркылуу кирет.

Быйыл январдын аягында Украинанын коргоо министри Михаил Федоров Starlink системасынын ээси Илон Маскка аны Орусияда колдонууну чектөө өтүнүчү менен кайрылган жана ошондон кийин фронтто терминалдар өчүрүлгөнү тууралуу кабарлар тараган.

Өткөн айда Starlink түйүнүнүн аналогун иштеп чыгып жаткан орусиялык "Бюро 1440" компаниясы "Рассвет" деген аталыштагы төмөнкү орбиталык байланыш тобунун алгачкы 16 спутнигин учурганы жарыяланган. 2030-жылдын аягына чейин топтун курамында 292 спутник болот деп болжолдонууда.

Дагы караңыз

Амангелдиев "Керемет Банк" АКШ менен Британиянын санкциясынан чыгышы ыктымалдыгын билдирдиКыргызстанда 1-майдан тартып электр энергиясы 27 тыйынга кымбаттадыИцхак Герцог Иран Кыргызстанды санкциядан буйтоо үчүн колдонушу мүмкүн экенин айтты Нөшөрлөп жааган жаандан улам Манас шаарында да сел жүрдү