Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Манас шаарында да сел жүрдү

Манас шаары.
Манас шаары.

30-апрелдин кечинде нөшөрлөп жааган жаандан улам Жалал-Абад облусунун Манас шаарында сел жүрүп, төрт социалдык объектке жана 39 турак жайга зыян келтирген. Анын арасынан 16 үйдүн ичине сел суусу кирип, 23 турак жайдын короолоруна суу толгон.

Кырсыктын кесепетин жоюу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) 69 куткаруучу тартылган. Ошондой эле шаардык жарандык коргонуу кызматтарынан 125 кызматкер, 15 техника жана жергиликтүү тургундардан 35 адам жардам берди.

Жаандан улам соңку күндөрү Кыргызстандын бир нече айылдарын сел каптады.

30-апрелде Баткендин Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдын улам кокту-колоттон сел жүргөн. Тамаша—Кызыл-Булак жолундагы сайдан жана Пүшкөүт, Таш-Булак сайлары аркылуу сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.

27-28-апрель күндөрү Ош облусундагы Алай районунун Гүлчө шаарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG