Кыргызстанда 1-майдан тартып электр энергиясы 27 тыйынга кымбаттады. Катардагы карапайым керектөөчүлөр 700 кВт саатка чейин колдонгон электр жарыгына 1 сом 64 тыйындан, андан ашса 2 сом 94 тыйындан төлөйт. Бийик тоолуу жана жолу татаал аймактардын тургундары үчүн 1 сом 64 тыйын, аз камсыз болгон ("Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган) үй-бүлөлөр 700 кВт саатка чейин 50 тыйындан, андан көп колдонсо 2 сом 94 тыйындан төлөйт.
Социалдык жана коомдук мекемелер үчүн 1 кВт саат электр энергиясы 2 сом 96 тыйын, өндүрүштүк керектөөчүлөргө 3 сом 65 тыйын, коммерциялык керектөөчүлөргө 4 сом 33 тыйын, бюджеттик керектөөчүлөргө 4 сом 62 тыйын жана автоунаа кубаттоочу жабдуулар үчүн тариф 5 сом 99 тыйын болду.
Өлкөдө инфляциянын көрсөткүчүнө жараша жыл сайын 2030-жылга чейин 1-майдан тарта электр жарыгынын баасы көтөрүлүп турат. Ага ылайык, 2027-жылы 33 тыйын, 2028-жылы 39 тыйын кошулат. 2029-жылы 47 тыйынга жана 2030-жылы 57 тыйынга көтөрүлөт.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот деп эсептелген. Анын ичинен 15,7 млрд кВт саатты Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы менен жабат деп күтүлүүдө. Калган 4 млрд кВт саатты коңшу өлкөлөрдөн сатып алат.
Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилинде Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат. (BTo)
Шерине