Financial Times басылмасы АКШнын президенти Дональд Трамптын уулдары Эрик Трамп менен кичүү Дональд Трамп Казакстанда вольфрам кендерин иштетүү менен алектенген компаниядан үлүш алганын жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, алар Караганды облусундагы кендерди иштетүүнү пландап жаткан металлургиялык холдингге кирген ишканадан үлүштү 2025-жылдын август айында сатып алышкан.
Бейшемби күнү үч компания, анын ичинде Трамптын уулдары катышкан ишкана Kaz Resources брендине бириккенин жарыялашты. Ал акцияларын Nasdaq биржасына чыгарат деп күтүлүүдө.
Жогорку Кайракты жана Түндүк Катпар кендерин иштетүү боюнча келишимге ноябрда америкалык Cove Kaz Capital Group LLC компаниясы менен казакстандык улуттук Tau-Ken Samruk ишканасынын ортосунда кол коюлган. Америкалык тарап биргелешкен ишкананын 70% үлүшүн алып, аны иштетүү жана маркетинг боюнча милдеттенмелерди өзүнө алган.
Financial Times гезитинин маалыматы боюнча, Cove Kaz Capital ошондой эле АКШнын Экспорттук-импорттук банкы жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү каржы корпорациясы менен долбоорду 1,6 миллиард долларга чейин колдоо боюнча алдын ала өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол койгон. (BTo)