Кыргызстанда 2026–2027-окуу жылында кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарында окуу үчүн акыны жогорулатууга мораторий киргизилди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлык окуу жайлардын формасына жана статусуна карабастан жайылтылат.
Мындай чечим жарандарды социалдык коргоону күчөтүү, билим алуучулардын укуктарын жана муктаждыктарын ишке ашыруу максатында кабыл алынганы айтылды.
Акыркы жылдары өлкөдөгү жогорку окуу жайларда контракт бир топ жогорулап кеткени айтылып келет. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.
Айрым алдыңкы жогорку окуу жайлары 2026–2027-окуу жылына карата келишим акысын буга чейин эле жогорулатып койгон. Андыктан ата-энелер арасында президенттин жарлыгынан кийин ошол баа кайра былтыркы калыбына келеби деген суроо жаралып, социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланууда. Расмий бекитиле элек дегени менен жогорулатылган жаңы баа абитуриенттерге тараткан маалыматында так көрсөтүлүп турат. (BTo)