Экс-депутат Сатыбалдиев коомдук жайда тамеки чеккени үчүн айыпка жыгылды

Элмурза Сатыбалдиев

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Элмурза Сатыбалдиев 1-майда Өзгөн шаарындагы борбордук стадиондо майрамга карата уюштурулган иш-чарада тамеки чеккени үчүн 3000 сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Элмурза Сатыбалдиев 2007-2009-жылдары башкы прокурор болгон. 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына өткөн шайлоодо №12 Өзгөн шайлоо округунан катышып, депутат болуп шайланган.

Ушул жылдын март айында Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрынын имаратынын алдында тамеки чеккени үчүн ички иштер министри Улан Ниязбеков да айыпка жыгылган.

Коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салган мыйзам 2021-жылы иштей баштаган. Ага ылайык, тыюу салынган жерлерде чылым чеккендерге 3000 сом айып пул салынат. (BTo)

Дагы караңыз

Окуу жайларда контрактты көтөрүүгө мораторий киргизилдиИцхак Герцог Иран Кыргызстанды санкциядан буйтоо үчүн колдонушу мүмкүн экенин айтты FT: Трамптын уулдары Казакстанда вольфрам иштеткен компаниянын үлүшүн алган11-майдан тартып жергиликтүү бийлик эл менен жолугушууларды өткөрө баштайтОрусияда Starlink терминалдарын импорттоого тыюу салындыАмангелдиев "Керемет Банк" АКШ менен Британиянын санкциясынан чыгышы ыктымалдыгын билдирдиКыргызстанда 1-майдан тартып электр энергиясы 27 тыйынга кымбаттадыНөшөрлөп жааган жаандан улам Манас шаарында да сел жүрдү