Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ысык-Көлдө туристтик-экологиялык милиция кызматы түзүлүп, балык уулоого мораторий киргизилгенден бери браконьерлик кескин азайганын кабарлады.
Мекеменин маалыматында ички иштер органдары, өзгөчө кырдаалдар, жол-транспорт коопсуздугу, экологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тармактарынын аймактык түзүмдөрү кирген коопсуздук кызматы түзүлгөндөн бери көлдөн эски синтетикалык торлор, таштандылар тазаланып, мыйзамсыз балык уулоо азайды.
Президент Садыр Жапаров 16-апрелде билдирүү кылып, тиешелүү кызматтар акыркы беш жылдан бери Ысык-Көлдү синтетикалык торлордон тазалап бүтө албай жатканын айтып, элди экологияны таза кармоого чакырган.
ИИМ буга чейин мыйзамсыз балык уулаган браконьерлерге жазаны күчөтүү сунушун берип, тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Азыр иштеп жаткан Кылмыш-жаза кодекси боюнча олуттуу зыян келтирүү менен мыйзамсыз аңчылык кылып, балыктарды же суу жаныбарларын кармагандарга 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин айып салынат.
1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт.
“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.
Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суулар көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет. (BTo)