Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз каттам тууралуу макулдашты

ТИМ тараткан сүрөт.

Сейшел аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор Кыргызстанга келди. 4-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев аны кабыл алганын Кыргызстандын дипломатиялык мекемеси билдирди.

Тараптар саясий диалогду өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, ошондой эле айыл чарба, туризм, климат, билим берүү жана санариптик башкаруу тармактарын камтыган соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташууну чыңдоону талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Сейшел аралдары ортосунда кыска мөөнөттүү сапарлар үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу макулдашылды.

ТИМ Сейшел аралдарынын башкы дипломаты Кыргызстанга алгачкы ирет келгенин, бул визит министр Кулубаевдин чакыруусу менен уюштурулганын белгиледи.

Сейшел аралдары 1976-жылы Улуу Британиядан көз карандысыздык алган, карамагында 115 арал бар. Анда 135 миңдей калк жашайт.

Дагы караңыз

Зеленский "көмүскө флоттогу" эки орусиялык танкерге сокку урулганын билдирдиЧаткал–Ала-Бука жолуна таш түшүп, каттам жабылдыМосквада көп кабаттуу үйгө дрон тийдиӨзбекстанда каракалпак активисти Тажимуратовдун абак мөөнөтүнө дагы беш жыл кошулду