Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:16

Өзбекстанда каракалпак активисти Тажимуратовдун абак мөөнөтүнө дагы беш жыл кошулду

Даулетмурат Тажимуратов. 2023-жыл.
Даулетмурат Тажимуратов. 2023-жыл.

Өзбекстанда 2022-жылдагы Каракалпакстан окуяларына байланыштуу ошол акциялардын лидери катары кармалып, 16 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан каракалпак активисти Даулетмурат Тажимуратовго дагы кошумча беш жыл кошулду. Навоиде сот аны "өтө кооптуу рецидивист" деп атап, шарты катаалыраак колонияга которууну токтом кылды.

Укук коргоочулар жаңы өкүм активисттин абактагы жаза мөөнөтүн узартуу гана эмес, аны мындан ары да изоляцияда кармап, басымды күчөтүүгө түзүлгөн шарт деп атап жатышат.

46 жаштагы Тажимуратов Навои шаарындагы күчөтүлгөн тартиптеги колонияда отурат.

Бул жолу ага жаза аткаруу мекемесинин ишин уюштурууга тоскоолдук жараткан деген мазмундагы айып тагылды.

Тажимуратов Каракалпакстандагы 2022-жылдагы нааразылык акциясы учурундагы окуялар боюнча айыптуу деп табылган. Ал «Өзбекстанда бийликти басып алуу жана конституциялык түзүлүштү кулатуу максатында кутум уюштуруу» жана «жапырт башаламандык уюштуруу» деген айыптардын негизинде 2023-жылы 16 жылга эркинен ажыратылган.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан.


Шерине

XS
SM
MD
LG