Өкмөт "Бала ырысы" жөлөкпулу үчүн 3 млрд сомдон ашык каражат бөлөт

Иллюстрация

Быйылкы жылы үч жашка чыга элек балдарга жөлөкпул берүү үчүн Министрлер кабинети бюджеттен 3 миллиард 316 миллион сом бөлөт. Бул тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга чыкты.

Бул документ буга чейин президент Садыр Жапаровдун мартта “Бала ырысы” деп аталган мамлекеттик жөлөкпул берүү жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу үчүн даярдалган.

Жарлыкка ылайык, 1-июлдан тартып 1200 сом өлчөмүндөгү жөлөкпул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда болжолдуу үч жашка чейинки 445 миңдей бала бар.

Учурда 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө "Үй-бүлөгө көмөк" деп аталган 1200 сом өлчөмүндө мамлекеттик жөлөкпул берилет. Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган үй-бүлөлөр үчүн жөлөкпулдун өлчөмү аймактык коэффициент менен эсептелинет. Бирок жөлөкпул алуудагы түйшүк, кыйынчылыктар тууралуу нааразылык айтылып турат. 1200 сом өлчөмүндөгү жөлөкпулду алуу үчүн үй-бүлөнүн кирешеси жан башына 1000 сомдон жогору болбошу керек деген жобосу элдин нааразычылыгын жаратып келген.

Быйыл 1-январдан тартып күчүнө кирген "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга ылайык, үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан үчүнчү жана ар бир кийинки бала төрөлгөндөн тартып үч жашка чыкканга чейин ай сайын берилүүчү "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" жөлөкпулу берилүүдө.

2018-жылдын башынан тартып ымыркай төрөлгөндө "Балага сүйүнчү" деп аталган жөлөкпул – 4000 сом берилет. Мындан тышкары 2019-жылы күздөн тартып үй-бүлөдө үч же андан ашык эм төрөлгөн шартта ар бир бала үчүн 50 миң сомдон берилет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жашоо минимуму 8 769 сомду түзөт.

Дагы караңыз

Зеленский "көмүскө флоттогу" эки орусиялык танкерге сокку урулганын билдирдиЧаткал–Ала-Бука жолуна таш түшүп, каттам жабылдыМосквада көп кабаттуу үйгө дрон тийдиӨзбекстанда каракалпак активисти Тажимуратовдун абак мөөнөтүнө дагы беш жыл кошулду