5-майда түнкү саат 01:00-02:00 чамасында Бишкек - Ош унаа жолуна чоң көлөмдөгү таш көчкү түштү. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашкандай, таш Кара-Көл менен Таш-Көмүрдүн ортосундагы тилкеге түшкөн.
Учурда атайын техника тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Аталган мекеме жолдун бир тарабы ачылып, бир тараптуу кыймыл камсыздалганын кабарлады.
Министрлик айдоочуларды этият болууга жана жол эрежелерин так сактоога чакырды.
Таш көчкүдөн жабыркагандар бар-жогу айтылган жок.
Буга чейин министрлик 6-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу ашууларда, тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскерткен. (КЕ)