Кытайда пиротехника заводундагы жарылуудан 20дан ашык киши каза тапты

Жарылуу болгон жерде иштеп жаткан өрт өчүрүүчүлөр. Кытай, 5-май 2026-жыл

Кытайдын Хунан провинциясындагы фейерверк чыгарган заводдо жарылуудан 20дан көп киши каза тапты, 60 чактысы жараат алды. Мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, окуя дүйшөмбү күнү кечки саат 5ке чукул болгон. Куткаруучулар менен өрт өчүрүүчүлөр эртеси да тазалоо иштерин улантышты. Ишкананын айланасында жашаган кишилер эвакуацияланды.

5-майда президент Си Цзинпин Люян шаарындагы кырсыкты жакшылап иликтөө жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу тапшырмасын берди.

Бийлик куткаруу жана жабыркагандарга жардам берүү иштерине бир жарым миң кишини жөнөткөнүн билдирген. Урандылардын астында калган кишилерди издөөгө роботтор тартылды. Алар 7 кишини куткарышты.

Расмий маалыматка караганда, заводдун аймагындагы дүрмөт сакталган эки кампа кооп жаратууда.

Айланада жашагандар жарылуу абдан катуу болгонун, терезелер күбүлүп түшкөнүн кабарчыларга айтып беришти.

Люянда пиротехника чыгарган дүйнөдөгү ири заводдор жайгашкан.

Кытайда фейерверк жасаган же саткан жайларда жарылуу болгон окуялар буга чейин да катталган. Февралда Хубэйдеги дүкөндө ошондой кырсык 12 кишинин өмүрүн алган.

Дагы караңыз

Орусия Украинанын темир жолуна сокку урду, Полтавада төрт киши каза болду"Толук изоляцияда калат". Каракалпак активистинин абак мөөнөтү узарды"Өзүбүз умтулбасак кул болуп кетербиз". Төрөкул Жанузаковдун күрөшү