5-майда эртең менен Казакстандын Өскемен шаарындагы "Казмырыш" заводунда жарылуу болуп, эки киши өмүр менен кош айтышты, бешөө жараланды. Бул тууралуу цинк чыгарган компаниянын билдирүүсүндө айтылды.
Маалыматка караганда, окуя металлургиялык аянтчада түтүн сордурган жабдыкты тазалоо учурунда болгон.
“Кырсыктан эки киши каза тапты, бешөө жаракат алды. Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Ар тараптуу жана объективдүү текшерүү үчүн комиссия түзүлдү», - деп билдирди компания.
Чукул кырдаалдар министрлиги өрт ооздукталганын маалымдаган.
Жарылуунун себептери жана чоо-жайы тууралуу азырынча маалымат жок.
Премьер-министр Олжас Бектенов окуяны өз көзөмөлүнө алды.
Ишкана маркумдардын үй-бүлөлөрүнө жана жаракат алгандарга зарыл болгон психологиялык жана акчалай жардам берилерин убада кылды.
Кырсыктын айлана-чөйрөгө тийгизген залакасы да текшерилүүдө. Баштапкы маалымат боюнча «абага бөлүнүп чыккан чаңдын көлөму нормадан ашкан жок жана курамында зыян заттар табылган эмес».