Бүгүн 5-майда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Кереге-Таш айылында жүргөн селге байланыштуу ыкчам жыйын өттү. Анда селден кийинки кырдаал боюнча маалымат угулуп, облустун бардык аймактарындагы сел коркунучу бар тилкелерди аныктоо тапшырмасы берилди.
Ошондой эле алдын алуу жумуштарын тездетүү, жергиликтүү элге түшүндүрүү ишин жүргүзүү жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттарын даярдыкта кармоо талабы коюлду.
4-майда Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын Кереге-Таш айылында нөшөр жаан жаап, кокту-колоттордон түшкөн суу ички чарбалык арыкка батпай, ташып кеткен.
Каракол - Эңилчек унаа жолунун 16-чакырымындагы суу өтүүчү бетон шакекчелери бүтөлүп калгандыктан унаа жолду жана айдоо аянттарын сел каптаган.
Тазалоо жана калыбына келтирүү иштери ошол эле күнү саат 18:00дө толук аяктаган. Жалпысынан 13 гектар айдоо аянтты суу каптаган. Турак жайларды каптаган эмес жана жабыркагандар жок.
Былтыр августта Ысык-Көлдүн Тоң районунда катуу жаандан соң сел жүрүп, бир нече үйдүн короосун каптаган. Балыкчы-Каракол жолу убактылуу жабылган. (КЕ)