Орусиялык журналист Маша Гессенге «Редакциялык комментарий» номинациясы боюнча Пулицер сыйлыгы ыйгарылды. Бул тууралуу маалымат сыйлыктын расмий сайтына жарыяланды.
«Медиазона» басылмасы белгилегендей, Гессенге сыйлык «авторитардык режимдин күч алышы боюнча тарыхый фактыларга таянган курч журналисттик очерктердин сериясы” үчүн берилди. Гессендин жазгандары өзүнчө рубрика болуп The New York Times сайтына жарыяланган.
"Өлкөнү жоготуу сезими. Мен муну жакшы билем" деген рубрикасында Гессен Дональд Трамптын тушунда АКШда болуп жаткан окуяларды Орусиядагы репрессияга салыштырган.
2023-жылы ноябрда Гессенге "орус армиясы тууралуу фейк маалымат жарыялаган" деген кине менен кылмыш иши козголгону ачыкталган. Буга анын август айында журналист Юрий Дудга курган маеги себеп болгон. Анда Гессен менен Дудь Украинанын Буча шаарындагы орус аскерлеринин кылмыштарын талкуулашкан.
2024-жылы Орусияда сегиз жылга сыртанан соттолгон Гессенге издөө жарыяланган.
Ал Орусиянын президенти Владимир Путин тууралуу китеп жазган, көптөгөн сыйлыктарга ээ жана адам укуктары боюнча активист катары белгилүү. Өзү көп жылдан бери АКШда жашайт.
2012-2013-жылдары бир нече ай "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматын жетектеген.
Пулицер сыйлыгы адабият, журналистика, музыка жана театр тармагындагы АКШдагы бараандуу сыйлыктардын бири.
2024-жылы Washington Post басылмасына жарыяланган макалалалары үчүн саясатчы Владимир Кара-Мурзага ыйгарылган.
Шерине