Нью-Йоркто өзбек ырчысы Юлдуз Усманованын концерти өтпөй турган болду

Юлдуз Усманова

Нью-Йорктун Бруклин аймагындагы Oceana театры өзбекстандык ырчы Юлдуз Усманованын концерти болбой калганын маалымдады. 9-майга пландалган концерт алдында ырчынын буга чейинки билдирүүлөрү айланасында жаңжал тутанган.

Бухара жамаатынын социалдык тармактардагы баракчасында айтылгандай, Усманованын концерти тууралуу кабар жергиликтүү коомчулукта, өзгөчө Брайтон-Бич өңдүү жөөттөр басымдуулук кылган райондордо катуу реакция жараткан.

Алдыңкы күнү жергиликтүү бийлик АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубиого кат жолдоп, артисттин визасын жокко чыгарууну жана өлкөгө кирүүсүнө тыюу салууну талап кылышкан.

Усманова Инстаграмдагы баракчасына кечирим сурабай турганын жазды:

“Мен зомбулукка каршымын. Палестина эркин болушу керек, бул алардын жери. Мен муну дайыма айтып келем...Америка – бул Израил эмес”.

Белгилүү эстрада ырчысы Өзбекстандын Эл артисти, композитор жана продюсер катары таанылган. Ага Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын Эл артисти деген наамдар да ыйгарылган.

Акыркы кезде анын ысымы саясий жаңылыктарга байланыштуу айтылып келет. 2023-жылдын ноябрында израилдик товарлардын бойкотуна чакырганы бар. Усманова жөөт жамаатынын дарегине айтылган катуу сөздөрү, Израил менен Палестинанын жаңжалына байланыштуу саясий көз карашы үчүн сынга кабылган.

Ырчы өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин жакындарынын ишин даңазалаган видео кайрылууларды да жасаган.

Дагы караңыз

Оштогу "снос": Экс-депутаттыкы делген жерде курулуш жүрүп жатабы?  "Өзүбүз умтулбасак кул болуп кетербиз". Төрөкул Жанузаковдун күрөшүТрамп Иран Ормуз кысыгында америкалык кемелерди бутага алса аны "жер жүзүнөн жок кыларын" эскертти