Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:01

Ош: Суу жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар кайра бузулууда

"Байсан".
"Байсан".

Ошто мыйзамсыз объектилер кайра бузула баштады. Мындай имараттардын арасында мурдагы вице-мэр Нурбек Кадыровго, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, маркум Алмамбет Анапияевдин бир тууганы Калмаматка таандык жайлар бар. Мурдагы спикер Келдибековго байланышы бар делген "Байсан" рестораны да түрттүрүлдү.

Увамдын жээги, Кадыров, Анапияевдин курулуштары

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, Оштун мэри Жанарбек Акаев 6-майда Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгы аркылуу агып өткөн Увам каналынын корук аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды көрүп чыкты. Анын жүрүшүндө каналдын корук тилкесинде өз алдынча, уруксатсыз курулуш иштерин жүргүзгөн учурлар аныкталган.

Мэрия учурда тиешелүү кызматтар тарабынан мыйзамсыз объектилерди кайрадан демонтаждоо иштери жүргүзүлүп жатканын, бул багыттагы көзөмөл күчөтүлөрүн кошумчалады.

Жанарбек Акаев аталган аймакта мыйзамсыз тургузулган объектилерди толугу менен алып салуу боюнча тиешелүү кызматтарга катуу тапшырма бергенин, ишкерлерди жана жарандарды шаар аймагында мыйзам талаптарын так сактоого чакырып, уруксатсыз курулуш иштерине жол бербөөнү эскерткенин кабарлады.

"Бул жерде биринчи кезекте мыйзам, экинчи кезекте ишкер. Каналды минип эле алыптыр, каналдарды бошотпосок болбойт. Силер да туура түшүнгүлө. Биз азыр жарандарга айтышыбыз керек, куруп алгандардын баары жөн эле убарагерчилик тартып атышат", - деп айтты Акаев мэриянын басма сөз кызматы тараткан видеодо.

Шаар башкармалыгы мэрдин тапшырмасы менен Увамды бойлой жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды алуу уланып жатканын билдирип, айрым жайлар атайын техника менен сүрдүрүлүп жатканы тартылган видеону таратты.

Бузулуп жаткан имараттар Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Нурбек Кадыровго, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, маркум Алмамбет Анапияевдин бир тууганы Калмамат Анапияевге таандык экенин жеке булактар "Азаттыкка" ырастады.

Өзүн Аскар Мадумаров деп тааныштырган жаран жер ага караштуу экенин, Кадыровдун апасынын иниси болорун “Азаттыкка” билдирди. Ал бузуу иштерин мыйзамсыз деп атап, иш сотто каралып жатканын айтты.

Ош шаарынын борбордук көчөлөрдөгү “кызыл сызыкка чыгып кеткен" курулуштарды буздуруу иштери былтыр, мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаевдин тушунда башталган. Мэрия шаарды аралап өткөн каналдарды айрымдар тосуп алганын, Ак-Буура дарыясын ээлеп алгандардын арасында чиновниктер бар экенин билдирген. Алардын арасында Нурбек Кадыровдун дагы аты аталган.

"Байсан" рестораны түрттүрүлдү, Келдибеков үн катты

Өткөн жылы Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгинде корук аймагында мыйзамсыз курулган деп табылган “Байсан” кафесинде кайрадан курулуш жүрүп жатканы буга чейин белгилүү болгон. Ош мэриясы кенемтеге байланыштуу маселе бар экенин билдирип, бул жайдын иштешине уруксат берилгенин билдирген. Мунун алдында "Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги корук аймакка мыйзамсыз курулган" деп табылган айрым имараттар бузулбай эле кайра иштеп жатканы тууралуу маалыматтар чыккан.

Алардын бири "Байсан" ресторанын бир жыл мурун Ош мэриясы парламенттин эки жолку чакырылышынын депутаты, Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Акматбек Келдибековго таандык деп билдирген. Андан сырткары мурдагы аткаминерлердин бир тобунун ысымдары аталган. Бирок Ош мэриясынын ошол кездеги билдирүүсүнөн кийин эч кимиси комментарий берген эмес.

Акматбек Келдибеков "Байсан" ресторанынын курулушу тууралуу Фейсбуктагы баракчасына 6-майда пост жазды. Анда ал ресторандын ага тиешеси жок экенин, имараттын ээси жеңеси Адалат Абдибаитова экенин белгилеген.

“Ырас, Адалат Абдибаитова – менин жеңем. А бирок жеңемдин ресторанына, ишкерлигине менин кандай тиешем бар? Анан калса бул жер тилкесин Абдибаитова мыйзамдуу сатып алган деген Жогорку соттун чечими турат. Соттун чечимин жокко чыгарбай туруп, мэрия кантип "снос" кыла алат? Мыйзамдуу дейбизби? Анда мыйзам чегинде иш кылалы!” - деп жазган Келдибеков.

Келдибеков Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев убагында жогорудагы «маалымат жалган экенин айтып, андан кечирим сураганын» белгилеген.

Ал арада 6-майдын кечинде «Байсан» ресторанынын түрттүрүлүп жаткан видеосун Ош мэриясы таратты.

Мэриянын билдирүүсүндө, учурда курулушу кайра жанданган “Байсан” рестораны дарыянын 50 метр корук зонасына кирет. Ош шаар бийлиги мындай зонадагы турган мыйзамсыз объектилер бузуларын жана алардын ордуна шаар тургундары үчүн сейил бак куруларын убада кылууда.

"10 гектардан ашуун парк кылабыз"

Мэр Жанарбек Акаев мындай курулуштарды бузуу мамлекеттик муктаждык экенин билдирди:

"Коомчулуктун пикирин эске алдык. Буга чейин курулуштары бузулган ишкерлер болгон. Баарына бирдей мамиле кылуу максатында биз булар менен сүйлөшүү жүргүздүк, "силерге балким кенемте берели, башка жактан орун алмашалы" деп. Бирок сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыкпай атты. Бул жерди көрүп атасыңар, корук аймак. Корук аймакка жакын. Техника иштеп атканын көрүп атасыңар. Биз бул жерди 10 гектардан ашуун парк кылабыз. Бул мамлекеттик муктаждык. Бул жерде жашаган миңдеген адамдарга парк жетишпейт. Жакшынакай кылып веложол, гүл борбору, пляж кылып беребиз. Элдин баары "эмне үчүн буларга таандык имарат бузулбайт да, башкалардыкы бузулат, бирдей мамиле болуш керек" деп айтып жатышат. Албетте, кафенин ээлери сотко беребиз деп жатышат. Сотто мэрия элдин укугун, шаардыктардын укугун коргойбуз", - деди ал.

Буга чейин аталган кафенин ээлери жерди сатып алганын, колунда жеке менчик укугун тастыктаган документи бардыгын билдиришкен.


Ак-Бууранын боюндагы мыйзамсыз курулуштар бузулууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:04 0:00


Аталган аймак Урмат Белекбаевдин жубайы Адалат Абдибаитованын ысымына катталган. Белекбаев өзү парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун бир тууганы.

Урмат Белекбаев
Урмат Белекбаев

Жердин ээси үч адамдан кийин сатып алган, ак ниет сатып алуучу. Мэриядан алган эмеспиз. Кызыл китеби бар, баары мыйзамдуу, пайдаланууга кабыл алынган. Мыйзам артка иштебейт дейби. Акматбек Келдибековдун бул жерге эч кандай тиешеси жок", - дейт Белекбаев.

Ош шаарынын вице-мэри Шумкарбек Пайзиев бул имаратты бузбай, кайра иштетип туруу чечимин мындайча түшүндүрдү:

Шумкарбек Пайзиев
Шумкарбек Пайзиев

"Менчик ээсинин бүт документтери болгондугуна байланыштуу... Экинчиден, шаардагы буга чейин бузулган мыйзамсыз курулуштардын кенемте маселеси турат. Ошолорду чечип берүүгө чейин ал имараттын иштей берүү чечими кабыл алынган. Имараттын капиталдык курулушу бузулган эмес. Чатырларын алып, парктын көрүнүшүнө ылайыктоо үчүн фасаддык жумуштарын оңдоо жүрүп жатат".

“Байсандын” катарында “Суши Роллы” тамактануучу жайы дагы ушу тапта кардарларын тейлеп жатат. 22 сотыхта жайгашкан кафенин ээси жер тилкени “Кыргыз автосервис” мекемесинен 2001-жылы 22 миң сомго сатып алган.

Жер ээси Раимберди Жакыпов Ак-Бууранын боюндагы тилкени өзү иштетип келет. Ал тамактануучу жайдын имараты дарыянын 50 метр корук аймагына кирбей турганын айтууда.

Бирок Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы менчиктештирүү үчүн 1994-жылы чыккан токтомду жокко чыгаруу арызы менен сотко кайрылган.

Жакыповдун айтымында, “Пивной бар” менен “Суши Роллы” суунун корук аймагынан 53 метр алыстыкта жайгашкан.

Райымберди Жакыпов
Райымберди Жакыпов

"2000-жылы “Кыргыз автосервис” мекемесинен сатып алгам. “Кыргыз автосервис” бул жерди 1994-жылы сатып алган. “Суу корук зонасы боюнча мыйзам 1995-жылы чыгып жатат. Мыйзам артка иштебейт", - дейт ишкер.

Былтыр аталган жерлерде бузуу иштери кызуу башталып, кайра токтоп калган.

Ош мэриясы учурда Ак-Буура дарыясынын жээгинде 15 гектарды ээлеген бак куруу жумуштары жүрүп жатканын маалымдаган.

Анын бир бөлүгү мурунку эски базардын ордунда жайгашса, калганы шаардын түштүк-чыгыш аймагына курулат.

Жергиликтүү бийлик эс алуучу жайдын долбооруна туура келбеген мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иши азыр деле жүрүп жатканын билдирүүдө. Ал эми “Байсан”, “Суши Роллы” жайларынын иштеп туруусу боюнча, жогоруда айтылгандай, чечим кабыл алынган.

"“Суши Роллы” боюнча 3-4 ай мурун сотко берилген экен. Учурда сот процесси жүрүп жатат. Сот кандай чечет, убакыт көрсөтөт", - дейт вице-мэр Шумкарбек Пайзиев.

"Корук аймагында курулушка уруксат жок"

Сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралуу өкмөттүн 1995-жылы 7-июлунда чыккан №271 токтомунун негизинде жобо кабыл алынган. Ага ылайык, узундугу 10 чакырымдан 50 чакырымга чейин созулган дарыялардын суу коргоочу зоналары 75 метр деп жазылган. Ак-Буура дарыясынын узундугу 17 чакырымды түзгөнүнө карабай корук аймагы 50 метрге кыскарган.

Белекбаевдин имараты менен Ак-Бууранын ортосундагы аралык
Белекбаевдин имараты менен Ак-Бууранын ортосундагы аралык

Юрист Союзбек Аманов корук аймагындагы жер тилкелер жеке менчикте болсо да курулуш курууга же оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө уруксат жоктугун белгиледи:

"Колунда мамлекеттик актылары болгон учурда деле ал жерлер жеке менчикке мурда берилип кеткен болсо да, курулуш курууга тыюу салынууга жатат. Жер кодексинде көрсөтүлүп жатат: “Жердин максаттуу багытын бузуу менен пайдаланууга жол берилбейт” деп. Ал жерде корук зона деп көрсөтүлгөн жер, мамлекеттин гана жери болот. Курулуш курууга берүүгө, менчикке берүүгө дагы жатпайт. Курулушу жараксыз акыбалга келген учурда жерди бошотуп бериши керек да. Реконструкцияга мүмкүнчүлүк жок".

Ак-Буура дарыясынын корук зонасында мурунку аткаминерлер, чиновниктердин жакындары менчикке алган жер тилкелери көп экени айтылып келет.

Өткөн жылы Оштун ошол кездеги мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча чоң өнөктүк жүргүзгөн. Ош шаарын аралап өткөн каналдардын, Ак-Буура дарыясынын жээктериндеги турак жайлар, имараттар бузулуп, корук зоналар тазаланган эле. Ошол эле маалда укук коргоочулар менчик укуктары сакталбай жатканын айтып чыгышкан.

Сүрдүрүү иштери компенсация толук төлөнүп, эки тараптуу келишим түзүлгөндөн кийин гана башталсын деген талап аткарылбай калган.

Оштогу "снос" өнөктүгү

Ошто мэр болуп бир жылдай иштеген Жеңишбек Токторбаев жол жээгиндеги жана корголгон аймактардагы “кызыл сызыкка” чыгып кетти деген имараттарды жапырт буздурган “снос” деген өнөктүгү менен элдин эсинде калды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын санаалашы делген Токторбаев 18-февралда мэрлик кызматтан алынган.

Ал жумуштан кеткенден кийин социалдык тармактарда “Токторбаев кызматта турганда Ош мэриясы 12 млрд сом карызга батканы тууралуу” маалыматтар тараган. Өзү карыз тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип, 2 млрд 200 млн сом деген сумманы атаган. Кийин Ош мэриясынын карызы, соңку эсептөөлөрдөн кийин, болжол менен 5 млрд сомду түзүп жатканын калаага жаңы дайындалган мэр Жанарбек Акаев билдирген. Ал акыркы сумма Эсептөө палатасынын эсебинен кийин белгилүү болорун кошумчалаган.

"Азыр болжолдуу карызыбыз 5 млрд сомго чукулдады. Бирок дагы эсептеп, комиссия санап жатат. Бул бузулган үйлөр, коммерциялык объектилерди эсептебегенден кийинки карыз. Мунун баары чечиле турган маселе", - деген Акаев.

10-апрелде Ош облусундагы иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров шаар тургундары менен жолугушуп, мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун айткан. Мамлекет башчы экс-мэрдин кемчилиги үчүн өзү дагы жоопкерчилик сезерин кошумчалаган..

2024-жылы 14-июлда Оштогу селде Ак-Буура дарыясынын нугу ашып, жолдорду, базарды, турак үйлөрдү сел каптаган. Мындан улам атайын комиссия түзүлүп, дарыянын корук аймагындагы 700дөн ашуун курулушту аныктаган эле.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG