Ош, Жалал-Абад облустарында жолдорду, үйлөрдү, социалдык мекемелердин короолорун суу каптаганы социалдык тармактарга жарыяланууда.
2-майдын кечинде Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында катуу сел жүрүп, суу каптоо коркунучунан улам 149 адам эвакуацияланганын жергиликтүү бийлик билдирди. Сел 50гө жакын турак үйдү каптап, 10го жакын үйдүн ичине суу кирип кеткен.
Ак-Татыр айылынын тургуну Эсенбек Акылбековдун короо-жайын сел каптап кеткен. Ал муну сел каналдарынын жабылып калганы менен байланыштырууда.
"Мына, үйлөрдү, короо-жайларды суу каптап кетти. Айылдын жанынан өткөн үч селкана, сай бар. Советтер Союзу учурунда сайлардын жээги бекемделип, үч селкана болуп курулган. Сайдын бири Үч-Дөбө айылынан тосулуп, келген суунун баары бир сайга бурулуп калган. Анын кесепетинен мындай суу каптоо болуп, селканага суу батпай, ашып жатат. Айылдын жогору тарабына суунун катуу келген күчүн жоготуу үчүн дамба куруу керек деп бир канча жолу чогулуштарда айтып келдим, бирок таптакыр ишке ашпай келе жатат"
Сел Ак-Татыр айыл аймагынын Өрүкзар, Керме-Тоо, Үч-Дөбө айылдарын каптаган.
"Бул жылы сел жылдагыга салыштырмалуу көп келди, - дейт дагы бир жергиликтүү тургун Самит Нурматов.
“Менин короо-жайымды суу каптап кетти, үйүмдүн төлөсүнө да суу толгон. Унаа токтоткон жайларымдын баарын каптап, сарайымдын суу келген тарабы көчүп түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери келип тазалап кетти. Эми келтирилген зыянды эсептөө үчүн жетекчилер келеби, билбейм. Кудайга шүгүр, адамга зыяны тийбеди”.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматта учурда Баткен районундагы селден кийинки тазалоо иштерине 158 кызматкер жана 28 техника тартылганы айтылды. Райондун акими Данир Иманалиев селден улам эвакуация болгон жарандардын айрымдары үйлөрүнө кайта баштаганын айтты.
“Учурда жарандардын айрымдары үйлөрүнө кайта баштады. Бирок биз ошого карабастан мектептин ичинен 50 адамга ылайыкталган орун даярдап койгонбуз. Учурда медицина кызматкерлери да иштеп жатат. Кечээ кечинде көчүрүлгөн адамдардын абалын текшерип жатышат”.
Учурда сел жүргөн аймактарда атайын техника ишке тартылып, кесепеттерин жоюу, жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Синоптиктер соңку күндөрү республиканын айрым аймактарында жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү коркунучу жогору экенин эскертишкен.
Өлкөнүн түштүгүндө сел акыркы жылдары күчөп, адам өмүрүн алган окуялар катталып келет. 2024-жылы жүргөн селден 22 адам каза болгон.
Ал жылы Ош шаарын аралап өткөн Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды каптаган. Ноокат районунда катуу сел жүрүп, үйлөрдү, көпүрөлөрдү суу алып, адам өмүрүн алган кырсыктар болгон.
Эколог Абдыжапар Аккулов өлкө аймагында сел кырсыгынын көп катталып жатышын жер кыртышынын деградацияга учурап жатканынан көрөт.
“Буга чейин деле жаан-чачын жаап келген. Бирок мынчалык сел көп катталган эмес. Акыркы убактарда сел кырсыгынын көбөйүп кетиши жер кыртышынын деградациясына байланыштуу. Мисалы, жайыттардын талкаланышы, туура эмес айдоо жерлердин пайда болушу, кен казууда жердин үстүңкү катмарынан (отвал) чыккан топурактардын ар кайсы жерге төгүлүшү, интенсивдүү жааган жаандан улам кум, топурак, шагыл таштардын баарын агызып, чоң физикалык күчкө ээ болгон селди пайда кылып жатат. Жаан-чачын жааган учурда аны кармап кала турган өсүмдүктөрдүн, жашыл чөптөрдүн тамыры менен жок болушу селдин пайда болуусуна шарт түзөт”.
Абдыжапар Аккулов өкмөт селдин учурдагы кесепети менен күрөшпөстөн, алдын алуу программасы менен иш алып барышы керек деген сунушун айтууда.
“Сел өлкөгө экономикалык, экологиялык зыян келтирген, адам өмүрүн алган жаратылыш кырсыгы болуп калды. Селдин алдын алуу боюнча мамлекеттик программалар иштебей калды. Жакшы мыйзамдар бар, бирок жергиликтүү бийлик аны ишке ашыра албай жатат. Мына, экология кызматы эл менен иштеши керек. Мисалы, айылдарга жакын жайыттарда малдын санын өзгөчө көп топтоп алган учурлар да бар. Мен дагы бир жолу айтайын, элге түшүндүрүү иштери көбүрөөк жүрүшү керек”.
Нөшөрлөп жааган жаандан улам 1-майда Жалал-Абад облусунда, Манас шаарында да сел жүргөн. 30-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районунда сел каптаган кээ бир жолдор убактылуу жабылган. 29-апрелде Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Шерине