Орус армиясынын соккусунан Запорожьеде 10дон ашуун киши каза болду

Запорожье, 5-май, 2026

Орусиянын аскерлери шейшемби күнү авиабомба менен чабуул коюп, 12 киши каза болгонун Украинанын Запорожье облусунун башчысы Иван Федеров билдирди. Анын айтымында, 40тай киши жараат алды.

«Дарыгерге кайрылган адамдардын аягы үзүлө элек. Ар бирине жардам көрсөтүлүп жатат», - деди ал.

Мурдараак Федоров шаарда бир нече өрт чыкканын соцтармакка жазган.

«Душмандар Запорожьенин бир нече ишканасына авиабомба менен чабуул койду. Автомобиль, дүкөн жана ишканалар күйүп жатат», - деп билдирген чиновник. Мындан сырткары турак үйлөр, техникалык тейлөө станциясы жана унаа жуучу жай зыян тартты.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматы психологдор 40тай тургунга жардам көрсөтүшкөнүн жазды. Алардын алтоо балдар. Куткаруу иштери уланып жатат.

Орус армиясы 5-майда Краматорскинин борборуна үч авиабомба таштады. Бери дегенде алты киши каза болуп, беш адам жараат алганын Донецк облусунун башчысы Вадим Филашкин билдирди. Куткаруу иштери уланып, соккунун кесепети такталып жатканы айтылды.

«Шаардын чок ортосуна, элге атты» - деп жазды президент Владимир Зеленский.

Мындан сырткары орус армиясынын шейшембидеги соккусунан Днепрде төрт киши мерт болуп, 16сы жараат алганын облус жетекчиси Александр Ганжа Телеграм каналына жазды.

Соңку суткада эле Орусиянын аткылоосунан Украинада 20 жайкын тургун каза болду.

Расмий Москва соңку чабуулдар тууралуу комментарий бере элек. Украинага бастырып кирип, согуш баштаган жылдардан тартып Орусия жарандык инфратүзүмдөргө, калктуу конуштарга атайылап сокку урду дегенди четке кагып келет.

Дагы караңыз

Медиа: Тажикстандан ондогон ооган мигранты депортация болушу мүмкүнЕреванда Армения менен Еврошаркеттин биринчи саммити өттү Британия орусиялык 35 кишиге жана юридикалык жактарга санкция салдыОрусияда Чебоксары шаары канаттуу ракеталардын соккусуна кабылдыЖапаров Баш мыйзамдын ар бир беренесин урматтоо маанилүү экенин белгиледи