Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу ажылыкка 11-майда жөнөйт

Ажылык амалдарын аткаруу үчүн кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабияга 11-майда жөнөп кетишет.

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы Меккеге жана ыйык жерлерге кирүүгө мүмкүн болгон Nusuk картасын (бейжик) алууну эскертет. Картаны ажылыкты уюштуруу штабынан алса болот.

Муфтият эгер картаны жоготуп алгандар болсо, анын санарип версиясын колдонсо болорун жана аны кайра чыгаруу үчүн ажы башчыларга кайрылууну эскертүүдө.

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан маалымдашкандай, быйыл ажылык сапарга 6060 адам барат. Жыл сайын Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги падышачылыктын мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр же башка жаңы эрежелер тууралуу алдын ала эскертип, көрсөтмөлөрдү жиберет. Быйыл Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга карабай зыяратка баруучулар үчүн азырынча өзгөчө талап же өзгөргөн жоболор болбогону маалымдалды.

Быйылкы ажылыктык баасы 4 650 доллар деп эсептелген.

Курман айт, ислам эрежелерине ылайык, Орозо айттан 70 күндөн кийин, ажылык зыяраттын соңунда белгиленет. Быйыл Курман айт 27-майда болот. (КЕ)

Дагы караңыз

Ошто мурдагы вице-мэрге жана Анапияевдин бир тууганына таандык имараттар бузулуудаАба ырайы: сел коркунучу бар Жапаров Баткенде “Достук” соода-экономикалык паркынын долбоору менен тааныштыКыргыз тасмалары Канн фестивалындагы кинобазарда көрсөтүлөт