Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:10

Кыргыз тасмалары Канн фестивалындагы кинобазарда көрсөтүлөт

Сүрөт Маданият министрлигинен алынды.
Сүрөт Маданият министрлигинен алынды.

2026-жылдын 12-18-май күндөрү Канн кинофестивалы алкагында өтүүчү дүйнөдөгү эң ири кинобазар, Marché du Film иш-чарасына Кыргызстандын киноиндустриясынын делегациясы катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Иш-чарада Kyrgyz Cinema улуттук стенди сунушталып, өлкөнүн кинематографиясынын өнүгүү потенциалы жана эл аралык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилет.

Кыргызстандан барган делегация Азия жана Европа өлкөлөрүнүн кино мекемелери, продюсерлер, дистрибьюторлор жана тийиштүү адистер менен жолугушууларды өткөрүп, копродукцияны өнүктүрүү жана кыргыз тасмаларынын дүйнөлүк рынокко чыгышын кеңейтүү маселелерин талкуулары күтүлүүдө.

Кинобазардын алкагында Кыргызфильм улуттук киностудиясы эки толук метраждуу Актам Арым Кубат тарткан «Кара Кызыл Сары» жана Дастан Мадалбековдун «Буйрук» тасмасын көрсөтөт. Мындан сырткары Кинематография департаментинин колдоосу менен тартылган режиссор Аманбек Ажыматтын "Шермендечилик карнавалы" эл аралык адистерге сунушталат.

«Кара Кызыл Сары» көркөм тасмасы буга чейин ЮНЕСКОнун Азия-Тынч океан киноакадемиясынын (APSA) "Маданий көп кырдуулук" сыйлыгына ээ болгон.

Тасманын сценарийи жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылып, тартуу иштери Баткен облусунда жүргүзүлгөн. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG