Тегеран АКШнын согушту токтотуу боюнча соңку сунушун алып, аны менен таанышып жатат. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик ISNA агенттиги Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаиге таянып кабарлады.
Ошол эле маалда ал сунушта кабыл алынгыс айрым жоболор бар экенин кыйытты.
Багаи “акыркы чечим кабыл алынгандан кийин” Тегеран өз позициясын сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп жаткан Пакистан аркылуу жеткирерин айтты.
АКШ президенти Дональд Трамп Пакистандын ортомчулугу менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр жакшы нукта өнүгүп жатканын билдирди.
“Алар келишим түзүүнү каалап жатышат. Акыркы 24 саатта абдан жакшы сүйлөшүүлөр болду жана келишимге жетишүү толук мүмкүн”, — деди Трамп 6-майда Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Кийинчерээк Жоржия штатындагы республикачылардын жыйынындагы видео кайрылуусунда Трамп бул согуш “тез арада аяктай турганын” билдирди.
Ага чейин Америка лидери эгер Тегеран соңку келишимдин шарттарына макул болбосо, анда Иранга "мурдагыдан да күчтүү соккулар уруларын" эскерткен.
Маалыматтарга караганда, тараптар бир катар маселелер боюнча дагы эле орток пикирге келе элек.
Алардын ичинде Ирандын уран байытуу мүмкүнчүлүгү жана Ормуз кысыгын көзөмөлдөө боюнча талаш бар.
Дүйнөлүк мунай менен газдын болжол менен 20% ташылган Ормуз кысыгын Тегеран АКШ менен Израилдин соккуларына жооп чара катары март айынын башында жаап салган.
Согуш 28-февралда башталган.