Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Ак-Бешимде VII-VIII кылымдарга таандык Будда храмынын калдыгы табылды

Ак-Бешимдеги казуу иштери
Ак-Бешимдеги казуу иштери

Чүй облусундагы орто кылымдагы Ак-Бешим (Суяб) шаарчасынын аймагында кыргыз-жапон археологиялык экспедициясы VII-VIII кылымдарга таандык, болжол менен будда динине тиешелүү храм комплексинин калдыктарын тапты. Бул тууралуу 6-майда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, археологиялык изилдөөлөр 2026-жылдын май айынын башынан тартып Шахристан-2 тилкесинде жүргүзүлүүдө.

“Казуу иштеринин жүрүшүндө окумуштуулар күйгөн кыштан тургузулган тепкичтерди, пандусту жана платформаны табышкан. Бул архитектуралык элементтер Тан доорундагы храм курулуштарына мүнөздүү экендиги белгиленүүдө. Табылга белгилүү археолог Алексей Бернштамдын 1940-жылдардын аягында ушул аймакта будда храм комплекси болгон деген божомолун тастыктады”, - деп айтылат маалыматта.

Экспедиция 2012-жылдан бери иш алып барып келет. Кыргыз тараптан Улуттук илимдер академиясынын профессору Бакыт Аманбаева, жапон тараптан Тэйкё университетинин профессору Казуя Ямаучи жетекчилик кылууда.

Министрлик учурда жер тилкесин тарыхый-маданий багыттагы жер категориясына кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын кабарлады. Келечекте музей түзүү пландалууда.

Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен Ак-Бешимде тарыхый-маданий мурас объектилерин издөө, коргоо жана ал тууралуу маалымат таратуу иши бир нече жылдан бери системалуу түрдө жүргүзүлүп келе жатат.

2014-жылы байыркы Суяб (азыркы Ак-Бешим) шаарчасы ЮНЕСКОнун өкмөт аралык комитетинин 38-сессиясында Чүй өрөөнүндөгү байыркы шаар калдыктарынын бири катары дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG