Орусиянын бир катар аймактарына 8-майга караган түнү украин учкучсуз учактары сокку урду.
Соккудан Ростов облусунда өрт тутанганын жашоочулар жарыялаган сүрөттөрдөн көрүүгө болот.
Astra басылмасынын анализине ылайык, өрт Батыш өнөр жай түйүнү жайгашкан аймакта чыккан. Басылманын маалыматында, бул жерде көптөгөн ишканалар жайгашкан, арасында 2026-жылдын январында чабуулга кабылган "Эмпилс" заводу жана "Радар" илимий-техникалык изилдөө борборунун филиалы да бар. Украиналык Exilenova+ телеграм-каналы НАСАнын спутниктен тартылган сүрөтүнө таянып, "Радар" илимий-техникалык борборунун аймагында чындап эле өрт тутанганын жазды. Ал эми "Крым шамалы" мониторинг тобунун телеграм-каналы Ростов-на-Дону шаарында "Ростовагропромзапчасть" ишканасы чабуулга кабылганын билдирди.
Кийинчерээк Орусиянын Транспорт министрлиги Ростов-на-Дону шаарындагы "Орусиянын Түштүгүнүн аэронавигациясынын" имаратына дрон тийгенден кийин өлкө түштүгүндөгү 13 аэропорттун иши убактылуу токтотулганын билдирди.
"Астрахань, Владикавказ, Волгоград, Геленжик, Грозный, Краснодар, Махачкала, Магас, Минеральные Воды, Нальчик, Сочи, Ставрополь, Элиста аэропортторунун иши убактылуу токтотулду", - деп айтылат билдирүүдө.
"Эмплис" - Орусиянын түштүгүндөгү химиялык боёк чыгаруучу заводдордун бири. Ал эми "Радар" илимий-техникалык изилдөө борборунун филиалы радиоэлектрондук техника жана атайын багыттагы системаларды өндүрүп, Орусиянын Коргоо министрлиги менен кызматташат.
Пермь
Аймактын губернатору Дмитрий Махонин өнөр жай объектилерине учкучсуз учуучу аппараттар (дрондор) сокку урганын билдирди. Жабыркагандар тууралуу маалымат берилген жок.
Exilenova+ тelegram-каналынын маалыматында, Пермь шаарындагы "Лукойл-Пермнефтеоргсинтез" (ПНОС) мунай иштетүүчү заводу кайрадан чабуулга кабылган.
Крым
"Крым шамалы" телеграм-каналы спутниктен тартылган сүрөттөргө таянып аннексияланган Крымда "Красноперекопск" электр көмөк чордону күйүп жатканын билдирди.
Каналдын маалыматында, "Бром" химиялык заводунун аймагында да өрт чыккан.
Ярославль
Astra жүргүзгөн анализге ылайык, Ярославлдагы "Славнефть‑ЯНОС" мунай иштетүүчү заводунда өрт чыккан.
Орусиянын Борбордук федералдык округундагы мунай иштетүүчү бул заводду "Роснефть" жана "Газпром" компаниялары көзөмөлдөйт. Жылына 15 миллион тонна мунайды өндүргөн кубаттуулукка ээ.
Ярославлдагы мунай заводуна сокку урулганын Украинанын президенти Владимир Зеленский дагы ырастады. Ал бул объект орусиялык согушту каржылоодо чоң роль ойногонун билдирди.
"Мындай адилет кадам үчүн Украинанын куралдуу күчтөрүнө жана биздин аскердик чалгын кызматыбызга ыраазычылык билдирем. Украинанын узак аралыктагы “санкциялары” биздин шаарлар менен айылдарга жасалган орус соккуларына жооп катары уланууда. Орусия чыныгы тынчтыкты тандашы керек жана буга жетиш үчүн күчтүү басым гана жардам берет", - деп жазды Владимир Зеленский.
Зеленский адатта украин аскерлери Орусиянын аймагына урган соккуларга комментарий бербейт.
Калуга облусунун башчысы Владислав Шапша билдиргендей, дрон кулагандан кийин шаар четиндеги дачада өрт чыккан. Жабыркагандар жок.
Орусиянын Коргоо министрлиги Белгород, Брянск, Воронеж, Калуга, Курск, Липецк, Ростов, Рязань, Смоленски, Тула, Ульянов, Ярославль облустарында, Краснодар крайынын үстүндө, Татарстанда жана Москвага жакын аймактарда, аннексияланган Крымда, Азов жана Кара деңиз акваториясынын аймагында дрондор атып түшүрүлгөнүн билдирди.
"8–10-май аралыгында жарыяланган ок атышууну токтотуу режимине карабастан, украин аскерлери дрондор жана артиллерия менен биздин аскерлердин турумдарына, Белгород жана Курск облустарынын чек ара аймактарындагы жарандык объектилерге сокку урууну улантты"- деп билдирди министрлик.
Коргоо министрлиги орусиялык аскерлер "жарашуу режиминин бузулушуна карата жооп кайтарганын", "атайын аскердик операция аймагынан тышкары 396 каражат, алардын ичинде 390 учак тибиндеги дрон жана алыскы аралыкка багытталган алты “Нептун” ракетасы жок кылынганын" белгилеген.
Орусиянын Коргоо министрлиги 8-10-майда Жеңиш күнүн майрамдоо үчүн бир тараптуу жарашууну жарыялаган. Бирок ага чейин орусиялык аскерлер 6-майда Зеленский жарыялаган "тынчтык режимин" сактаган эмес.