Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Орусияда накталай акчага суроо-талап өстү

Орусия банкы март–апрель айларында накталай акчага болгон суроо-талаптын өсүшүн каттады жана бул көрүнүштү башка факторлор менен катар мобилдик интернеттин үзгүлтүккө учурашына байланыштырды.

Бул тууралуу негизги пайыздык ченди талкуулоо резюмесинде айтылат.

"Катышуучулар белгилешкендей, бул көрүнүш салыктык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуусу, интернеттин убактылуу өчүшү жана калктын санариптик инфраструктурадан көз каранды болбогон төлөм каражаттарын запаста кармоого умтулушуна байланыштуу болушу мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.

Мобилдик интернет өчүрүлүшү менен Орусиянын шаарларында электрондук төлөм терминалдары иштебей калууда, такси жана жеткирүү кызматтарына буюртма берүү үзгүлтүккө учурады, онлайн-карталар жана GPS түзмөктөр да иштен чыгып жатат.

Интернетти өчүрүүнүн жаңы толкуну Жеңиш күнүн майрамдоого даярдыкка байланыштуу болду. Бийлик буга чейин эле Москва шаарында 9-май күнү мобилдик интернет толугу менен өчүрүлөрүн жана SMS билдирүүлөр жөнөтүлбөй турганын эскерткен.

Шерине

XS
SM
MD
LG