Эл аралык олимпиада комитетинин Аткаруу кеңеши мындан ары беларус спортчуларынын эл аралык мелдештерге катышуусуна чектөө киргизүүнү сунуштабай турганын билдирди.
Чектөөлөр 2022-жылдын 28-февралында жана 2023-жылдын 28-мартында киргизилген. Бул 2022-жылы беларус лидери Александр Лукашенконун режими колдогон Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу болгон.
Уюмдун билдирүүсүндө айтылгандай, чектөөлөр киргизилгенден бери беларус паспорту бар спортчулар эл аралык турнирлерге "нейтралдуу спортчу" статусунда катышып келген. Мындай макам менен алар 2024-жылы өткөн жайкы Париж Олимпиадасына жана 2026-жылы кышында өткөн Милан Олимпиадасына да барган.
"Спорттун кайсы бир түрү боюнча мелдештерге катышууга уруксатты ошол мелдештердин уюштуруучулары жана эл аралык федерациялар берет. Бирок алар Эл аралык олимпиада комитетинин сунуштарын эске алышат", - деп жазды "Свобода" радиосунун беларус кызматы.
Эл аралык олимпиада комитети билдиргендей, орусиялык спортчуларга карата мындай чектөөлөр күчүндө кала бермекчи.
Украинанын улуттук олимпиада комитети бул чечимге нааразылык билдирди. Расмий Киев Беларус дагы деле Орусиянын Украинага каршы агрессиясын колдоону улантууда деп эсептейт.
Шерине