Путин Москвада казак жана өзбек президенттери менен жолугушту

Кызыл аянттагы аскерлер. 4-май, 2026-жыл.

8-май күнү Орусиянын президенти Владимир Путин Кремлде Москвага Жеңиштин 81 жылдыгына арналган салтанатка катышуу үчүн келген Казакстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчылары менен сүйлөштү.

Касым-Жомарт Токаев 2025-жылдын жыйынтыгы менен Орусиядан Казакстанга келген туристтердин саны эң көп болгонун, ал эми эки өлкөнүн соода алакасы 30 млрд доллардан ашканын айтты. Токаев Путиндин Казакстанга мамлекеттик сапары күтүлүп жатканын ачыктады.

ТАСС агенттиги билдиргендей, Путин эки тараптуу жолугушууда казак лидери Касым-Жомарт Токаевге Жеңиш күнүн майрамдоо үчүн Москвага келгенине ыраазычылык билдирди.

"Сизди бүгүн жана эртең көрүү өзгөчө жагымдуу. Бул окуянын айланасында болуп жаткандарга карабай, сиз Москвага келип, бул күндөрү Орусия менен чогуу болууну тандадыңыз".

Шавкат Мирзиёев Владимиром Путин менен жолугушууда Орусия менен соода алмашуу быйылкы алгачкы кварталда 33% өскөнүн белгилеп, Орусия Өзбекстандын экономикасы үчүн ири инвестор саналарын билдирди.

Өз кезегинде Путин Мирзиёевдин Москвага Жеңиш парадына келиши өзгөчө мамиленин белгиси экенин белгиледи.

Мурдараак Кремль фашисттик Германияны жеңген күндүн 81 жылдык салтанатына келүүгө Беларустун президенти Александр Лукашенко, Малайзиянын мамлекет башчысы Султан Ибрагим жана Лаостун президенти Тхонглун Сисулит макулдугун бергенин маалымдаган. Алардан тышкары Орусия тааныган, бирок эл аралык коомчулук тааныбаган Түштүк Осетия жана Абхазиянын лидерлери келери айтылган. 9-май күнү Москвада Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо болору, бирок ал парадга катышпасы кабарланган.

Украин президенти Владимир Зеленский 7-май күнү кечинде чет өлкөлүк лидерлерди Москвага парадга катышпоого чакырган. Ал Орусия украин тараптын 6-майдагы ок атышууну токтотуу сунушун кабыл албаганын, "жооп катары Орусия тараптан жаңы соккулар жана чабуулдар" гана болгонун билдирген.

Орусиянын Коргоо министрлиги эгер украин дрондору Москвадагы парадга чабуул койчу болсо, Киевдин борборун бутага аларын эскерткен.

8-майдын кечинде АКШнын арачылыгы менен Орусия жана Украина ок атышууну үч күнгө токтотууну макулдашканы кабарланды.

Дагы караңыз

"Боштондук үчүн күрөшкөндөр "басмачы" аталып, өкүмсүз атылган"Бишкекте Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган эскерүү өттү"Согушка кеткен акча жаратылышка жумшалса болмок". Кыргызстанда Жеңиш күнү белгиленүүдөУкраин дрондору Орусиянын бир катар аймактарына сокку урдуТрамп Орусия менен Украинанын ортосунда ок атышуу үч күнгө токтогонун жарыялады