Москвада Кызыл аянтта Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 81 жылдыгына арналган парад башталды. Көп жылдардан бери алгачкы жолу парад аскердик техникаларсыз өтүп жатат. Кремл мунун себебин "ыкчам кырдаалдагы чечим" деп түшүндүрдү.
Коргоо министрлигинин маалыматында, парадда "жөө колоннанын курамында аскердик окуу жайлардын жана башка аскер түзүмдөрүнүн кызматкерлери" жана Украинадагы согуштун катышуучулары" бар.
Ошондой эле параддын авиациялык бөлүгү болот.
Орусиянын президенти Владимир Путин сөз сүйлөп, Улуу Ата мекендик согушта курман болгондорду эскерүү үчүн бир мүнөттүк тыным жарыялады.
Кызыл аянттагы Жеңиш парадына бул жолу Беларус, Казакстан, Өзбекстан, Малайзия жана Лаостун лидерлери катышты. Алардан тышкары Орусия тааныган, бирок эл аралык коомчулук тааныбаган Түштүк Осетия жана Абхазиянын лидерлери катышууда. 8-май күнү Москвага Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо келген, бирок ал парадга катышкан жок.
Бир күн мурун Der Spiegel басылмасы орусиялык бийлик аянттагы парадды чагылдыруучу чет өлкөлүк журналисттердин аккредитациясын жокко чыгарганын жазды. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков чет өлкөлүк журналисттердин аккредитациясы чакырылганы боюнча Der Spiegel "туура эмес маалымат берген" деп билдирди. Ошол эле учурда ал "журналисттердин курамы чектелүү болорун" ырастады. Песков муну парад өзү да "кыскартылган форматта" өтөрү менен байланыштырды.
- Быйыл Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 81 жылдыгы белгиленүүдө. Былтыркы 80 жылдык мааракелик парадга 10 миңден ашуун орусиялык аскер кызматкерлери, анын ичинде Украинадагы согуштун 1,5 миңдей катышуучусу жана башка өлкөлөрдүн аскер кызматкерлери катышкан.
- Орусия буга чейин бир тараптуу түрдө 8-9-майда ок атышууну токтоторун жарыялаган жана Украинага парад үзгүлтүккө учураса Киевдин борборун бутага аларын, ал эми ок атышпоо бузулса, "адекваттуу жооп болорун" эскерткен.
- Владимир Зеленский 6-майдан тарта жымжырттык режимин сунуштаган, бирок Орусия ага Украинанын шаарларына чабуул коюп жооп берген. 8-майга караган түндө Орусиянын аймактары масштабдуу соккуга кабылган.
- 8-майда АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинанын ортосунда ок атышууну үч күнгө токтотуу боюнча макулдашуу жетишилгенин билдирген. Киев менен Москва аны ырастаган.