Марат Тагаев Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү болуп дайындалды

Марат Тагаев.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министринин орун басары Марат Тагаев ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргызстандын эл аралык ТҮРКСОЙ уюмундагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрлик 11-майда кабарлады.

32 жаштагы Марат Тагаев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министринин орун басарлыгына 2023-жылдын февраль айында дайындалган.

Тагаев 2021-2022-жылдары “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы болуп иштеген.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 1993-жылы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркиянын маданият министрлери кызматташтык келишимине кол койгондо түзүлгөн. Кийин бул уюмга байкоочу катары Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Орусия Федерациясына караган Татарстан, Башкырстан, Алтай, Саха, Тыва жана Хакас Республикалары, ошондой эле Молдовадагы Гагаузия да кирген.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун ишмердиги мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринен турган Туруктуу кеңеш аркылуу аныкталат. Туруктуу кеңештин отурумдарында кабыл алынган чечимдер ТҮРКСОЙдун Башкы катчылыгы тарабынан аткарылат.

Аталган уюм кыргыз, казак, азери, өзбек, түрк, түркмөн, мажар адабияты, дүйнөнүн ар кайсы булуңунда жашаган түрк тилдүү элдердин руханий баалуулуктарын иликтеген эмгектерди жарыялап келет. (КЕ)

Дагы караңыз

Түндүк-түштүк жолунда жаңы тейлөө пункттары ачылатСатыбалдиев Улуттук олимпиада комитетинин президенттигине талапкерлигин койбойтДССУнун башчысы хантавируска байланыштуу Испанияга барды Трамп тынчтык сунушуна Ирандын жообун "кабыл алынгыс" деп атады