Газада Израил армиясынын соккусу үч кишинин өмүрүн алды

Газанын түштүгөндөгү Хан-Юнис шаарынын үстүнөн көтөрүлгөн түтүн. Архивдеги сүрөт.

Жекшембиде Израилдин соккуларынан Газада кеминде үч палестиналык каза болду. Алардын арасында ХАМАСка ( (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) баш ийген полиция күчтөрүнүн эки кызматкери бар экенин саламаттык сактоо кызматкерлери билдиришти. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

ЦАХАЛ Газанын түштүк бөлүгүндө "израилдик аскерлерге каршы жакын арада мүмкүн болгон чабуулдарды даярдап жаткан" ХАМАСтын атайын бөлүгүнүн согушкерлерине сокку урулганын маалымдады.

Reuters агенттиги буга чейин Израил Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн полиция күчтөрүнө каршы чабуулдарын күчөткөнүн жазган. ХАМАС бул түзүмдөрдү өз карамагындагы аймактарда башкарууну кайра калыбына келтирүү үчүн колдонуп келген.

2025-жылдын октябрындагы элдешүүгө карабастан, Газада зомбулук токтогон жок. Израил дээрлик күн сайын соккуларды улантып жатат.

Жергиликтүү дарыгерлердин маалыматына ылайык, элдешүү күчүнө киргенден бери кеминде 850 газалык жаран каза болду.

Израил менен ХАМАС бири-бирин элдешүүнү бузду деп айыптап келишет.

Дагы караңыз

Милиция өспүрүм кыздар окуучуну сабаган окуяны териштирүүдөОрус армиясы Украинага сокку урууну улантуудаКазакстанда бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлүмү боюнча тергөө аяктады