Кыргыз футбол биримдигинин шайлоо комитети жетекчилик кызматтарга талапкерлерди бекитти. Аталган биримдик билдиргендей, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев биримдиктин башчылыгына жалгыз талапкер болуп көрсөтүлдү. Шайлоо 12-майда КФБнын конгрессинин алкагында өтөт.
Ал эми биримдиктин аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө Акылбек Маматов жана Жохан Ералхановдун талапкерлиги көрсөтүлдү.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматынан кеткенин уюмдун 15-апрелдеги кезектеги конгрессинде билдирген.
Ташиев 2024-жылдын 19-февралынан тартып биримдикти жетектей баштаган.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан бери УКМКнын бир катар мурдагы жогорку кызматта турган жетекчилери кармалып, айрымдары жумуштан алынды.
Жогорку Кеңештин тогуз депутаты, анын ичинде Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиев мандатын тапшырып, “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы ишке байланыштуу “Коррупция” беренеси менен айып тагылып кармалды. (КЕ)
Ташиевдин ордуна Касымалиев КФБ президенттигине жалгыз талапкер болууда
Адылбек Касымалиев.