Депутат Темирлан Айтиев мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазды

Темирлан Айтиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиев мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Маалыматты "Азаттыкка" БШКдан ырастап, анын арызы жакын арада караларын билдирди.

Айтиев өзү мандат тапшырууга эмне себеп болгонун ачыктай элек.

Темирлан Айтиев былтыр ноябрда №20 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Ага шайлоочулардын 9021и добуш берип, округдагы эң көп добуш алган талапкер болгон.

27 жаштагы Темирлан Айтиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунда төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. 2023-жылы С.Мамбеткалиев атындагы Чүй университетинин юридикалык факультетин «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган. 2021-жылы Ленин айылдык кеңешинин депутаты, 2023-жылы айылдык кеңештин төрагасы, 2024-жылы Достук айылдык кеңешинин төрагасы болгон.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан бери УКМКнын бир катар мурдагы жогорку кызматта турган жетекчилери кармалып, айрымдары жумуштан алынды. Саясий окуялардын фонунда Жогорку Кеңештин бир нече депутаты мандатын тапшырды. Алардын дээрлик бардыгы өз каалоосу менен мандатып тапшырып, себебин коомчулукка айтышкан эмес. (КЕ)

Дагы караңыз

Ташиевдин ордуна Касымалиев КФБ президенттигине жалгыз талапкер болуудаЗеленский: 20дай өлкө Украинанын дрондоруна кызыгып жататСаламаттык сактоо министрлиги хантавируска байланыштуу маалымат бердиГазада Израил армиясынын соккусу үч кишинин өмүрүн алды