Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов мамлекет башчынын "апрелчилерге" деп курулган тигүү фабрикасына барганына байланыштуу комментарий берди. Ал Жапаров 10-майда жаңы автовокзалдын жана Ош базарынын курулушун текшергенин, тигүү цехи ошол райондо жайгашканын белгиледи. Алагөзов президенттин бул жайга барышы буга чейинки соттун чечимдерине жана юридикалык маселелерге тиешеси жоктугун жазды.
"Президенттин бул аймакка келе жатканын уккан Апрель окуясынын катышуучулары алардын комплексине барып, көрө кетүүнү өтүнүшкөн. Өзгөчө белгилей кетсем, 2010-жылдагы окуялар боюнча бардык соттук чечимдер жана укуктук баалар күчүндө калат. Президенттин “апрелчилерге” баруусунун бул юридикалык маселелерге эч кандай тиешеси жок", - деп жазды ал.
Кыдыруу учурунда Жапаров курулуштарды көрүп чыгып, цехте аны күтүп турган “апрелчилер” менен кыскача баарлашкан. Ошону менен катар мамлекет башчысы жолугушууда цех Апрель окуясында жабыркаган үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн иштеши керектигин белгиледи.
Буга чейин мамлекет фабрика үчүн 1,7 гектар жер бөлсө, 2010-жылы апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиев 1 млрд сом бере турганы айтылган.
Мунун алдында Апрель окуясында жабыркагандардын бири, “7-апрель ынтымагы” ачык акционердик коомун түптөгөн Усупбий Шеримбаев "жакынын жоготкондор, ок тийип жабыркагандар Бакиевдерден кун өндүрдүк" деп жазган.
Маалыматта айтылгандай, фабрика акционердик коом деп катталып, ага 317 киши ээлик кылууда.
Ошол эле маалда кун маселеси “апрелчилердин” жоон тобунун нааразылыгын жаратып, Бакиевдердин өлкөгө кайтуу айла-амалы катары сыпаттагандар болгон.
Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. Ал Март ыңкылабынын шары менен бийликке келген. Бийликте турган маалында бир катар адамдардын өлтүрүлгөнү, үй-бүлө мүчөлөрү бийликке аралашканы коомчулукта нааразылыкты жаратып, 7-апрелдеги элдик толкундоонун аркасында бийликтен кулатылган. Ал күнү Ала-Тоо аятынына чыккан тынч жарандарга каршы ок атылып, 87 адам каза болгон, 1000 ден ашууну жараат алган. Ошол күнү ок жаңылгандын бир тобу кийинки жылдары каза болду. Ал соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.
Бийликтен кулатылган соң Курманбек Бакиев жана анын бир нече жакын тууганы Беларустан баш калка тапкан. Анын уулу Максим Бакиев Британияда жашап келет. Беларустун журналисттери Курманбек Бакиев аты-жөнүн өзгөртүп Закир Салиев болуп алганын иликтеп чыгышкан. (КЕ)