Оштогу "снос": Кенемте үчүн 53 гектар жер трансформацияланат

"Снос". Оштогу "кызыл сызыктан" чыгып кеткен курулуштарды бузуу иштери. Архив.

Ош шаарында үйү жана имараты буздурулган жарандарга кенемте катары жер бөлүп берүү үчүн 53 гектар аймак трансформацияланат. Бул тууралуу 12-майда вице-мэр Шумкарбек Пайзиев эл менен жолугушууда билдирди.

“Азыр биз бардык документтерди бүтүрүп, жерлерди бириктирип, 53 гектар жерди трансформацияга жөнөттүк. Көп дегенде бул эки айда бүтүп калат. Ошондо баарын четинен мыйзам чегинде баалап, бөлүп беребиз. Эч бир “снос” кайтарымсыз калбайт, орду толукталат”, - деди вице-мэр.

Жолугушууда Оштогу каналдардын четин тосуу маселеси да көтөрүлдү. Пайзиев мэрия Ош шаарын аралап аккан тогуз каналды өз карамагына алуу үчүн өкмөткө кайрылганын, бул маселе чечилери менен каналдардын чети тосуларын кошумчалады.

Ошто үйү, имараты мэриянын талабы менен буздурулган жарандардын маселеси апрелде президент Садыр Жапаров барганда да көтөрүлгөн. Ал 700дөй үйдүн маселеси турганын, баарынын орду толтуруларын билдирип, "снос" өнөктүгүнө байланыштуу мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаевдин мүчүлүштүгү болгонун айткан.

Токторбаев Ош шаарын 2025-жылдын январь айынан быйылкы жылдын февралына чейин башкарды. Февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жумушунан кол жуугандан сегиз күн өтпөй Токторбаев да мэрлик кызматтан бошотулган.

Оштун мэри катары ал жол жээгиндеги жана корголгон аймактардагы “кызыл сызыкка” чыгып кетти деген имараттарды жапырт буздурган.

Токторбаев жумуштан кеткен соң бир катар жарандар үй-жай, имараттары мыйзамсыз бузулганын айтып келет. Экс-мэр буга чейин анын аракеттеринде мыйзам бузуу жок деп эсептерин билдирген.

Дагы караңыз

Бишкектин жаңы башкы планы жарыяландыСаякат кемесинин дагы эки жүргүнчүсүнөн хантавирус аныкталдыСеул Ормуз кысыгындагы кемеге чабуулду кескин айыптадыСоцтармак колдонуучусу Бактыбек Молдалиев камалды